Жакында бүтөбү? "Түндүк агым-2" боюнча жаңы кеме курулуш иштерине келди

Жазылуу
Россиялык "Академик Черский" кемеси "Түндүк агым-2нин" курулуп бүтө элек тилкесине келди. Буга чейин газ кууру тарапка "Фортуна" жөнөтүлгөн.

"Түндүк агым-2ни" эки кеме тең куруп бүткөрө алат. Россия — Европа долбоорунун тагдыры АКШнын басымы жана санкцияларынан кийин суроо жараткан абалда калган. Мурдараак Вашингтон долбоорго бут тоскон чектөөлөрдү киргизип, анын катышуучуларынан ишти тез арада токтотууну талап кылган эле. Газдын жаңы түтүгү Россиянын көгүлтүр отун Балтика деңизи аркылуу Германияга, Европанын башка өлкөлөрүнө жеткирмекчи. АКШ аталган долбоор өзүнүн экономикалык кызыкчылыктарына тоскоол болуп жаткандыктан, ага каршы чыгып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0