ӨКМдин куткаруучулары Айтматовдун чыгармаларынан үзүндү айтышты. Видео

Жазылуу
ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын кызматкерлери улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата чыгармаларынан үзүндү айтышты.

Флешмоб улуу жазуучунун 92 жылдыгына арналган.

Бул күндү утурлай куткаруучулар "Кызыл жоолук жалжалым", "Ак кеме", "Жамиля", "Тоолор кулаганда" чыгармаларынан үзүндүлөрдү жана цитаталарды окушкан. Ага ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Адилбек Чаргынов баштаган кызматкерлер катышкан.

Кыргызстандын залкар уулу, дүйнөгө аты таанымал белгилүү жазуучу, коомдук жана мамлекеттик ишмер Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Талас облусуна караштуу Кара-Буура районундагы Шекер айылында туулган. 2008-жылдын 10-июнунда 80 жаш курагында катуу оорудан кийин дүйнөдөн кайткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0