Алдыңкы буттарын керип, иттерге айбат кылып. Кумурскачынын күлкүлүү видеосу

204
Бразилиядагы Пекено-Параисо шаарынын тургуну иттерин сейилдетип жүрүп кызык окуяга туш болгон. Жапайы жаныбар арсылдаган иттердин көзүн аз жерден оюп ала жаздаган.

Кызыктуу окуя тууралуу "National Geographic Россия" сайты жазды.

Ишке кетер алдында иттерин эшикке чыгарып келейин деген киши үй жаныбары менен жапайы айбандын кармашына аз жерден күбө болуп кала жаздаган.

Сейилдеген жерди бойлото курулган коргондун кырындагы кумурскачынын (тамандуа) адегенде эч кимге тийишпей отурганын байкоого болот. Жакындап келген иттер аны көздөй секирип, тиштөөгө аракет кылганда жоош деген жаныбар чагылгандай кыймылы менен айбат кыла тура калган. Эки аяктаган тамандуа алдыңкы буттарын болушунча кулач сымал керип, коргонууга өткөн. Жердеги арсылдаган иттин көзүн узун тырмактары менен аз жерден оюп ала жаздаган. Аны менен кошо иттер жакындап үргөн сайын, кышылдаган үн чыгарып, айбат кылып жатканын көрүүгө болот.

Жаныбардын бул турушу эргежээл адамдын эки колун эки жакка болушунча жайып алгандай элес калтырат.

Иттерин тынчтандырган кожоюн кумурскачыны дубалдан акырын алып мүшөккө салып, токой четине алып барып коё берген. Маалыматта жаныбардын жабырланбагандыгы айтылган.

204
Белгилер:
кумурскачы, ит, Бразилия
Тема боюнча
Чаңкаган гепарддын көз ачып-жумганча крокодилге жем болгон видеосу

Жалал-Абад: эки киши дарыкананы тоногон учур видеого түшүп калган

389
(жаңыланган 22:54 26.01.2021)
Милициянын маалыматына караганда, дарыканага кирген кишилер кассадан 10,3 миң сом алып кетишкен. Ошондой эле сатуучунун сумкасынан 500 сом жана саатын алышкан.

Жалал-Абад ОИИБнин маалыматына караганда, аталган факты боюнча КР Жазык кодексинин 202-беренесине (“Каракчылык”) ылайык сотко чейинки өндүрүш ачылды.

Шектүү катары ошол эле шаардын 2000-жылы туулган эки жараны кармалды. Маалыматка караганда, алардын жанынан уурдалган нерселер табылып, эки айга камакка алынган.

Шектүүлөрдүн башка кылмыштарга тиешеси бары-жогу текшерилип жатат.

389
Белгилер:
уурулук, дарыкана, Жалал-Абад
Тема боюнча
Бишкекте кылмыштуу топтун "Карышкыр" каймана аты бар мүчөсү кармалды
Бишкекте каракчылыкка шектүү кармалып, үйүнөн курал табылды. Видео

Жетекчиси хан сарайлардын ээси. 4 ай маяна албаган жолчулар митингге чыкты. Видео

777
(жаңыланган 18:32 26.01.2021)
Төрт-беш айдан бери маяна ала албай жүргөн жолчулар Транспорт жана жолдор министрлигинин алдына митингге чыгышты. Алар суроо-талабын жетекчиликке жеткирүү үчүн ар кайсы облустан чогулуп келишкен.

Жолчулар сентябрдан бери айлык толук төлөнбөй 2000-3000 сомдон гана берилип жатканына нааразы. Маселени аймактагы жетекчилер чече албагандыктан министрликке келүүгө аргасыз болгонун айтышты.

Нарындын Ат-Башы районунда жол тазалап иштеген Жаңыбай Кенжебаев декабрдан бери айлыгын ала элек.

"Контордо иштегендер бизден мурда, ай сайын өз убагында алат. Алар жайкысын көлөкөдө, кышкысын жылуу кеңседе отурушат. Ал эми биз аба ырайынын ысык-суугуна карабай иштейбиз. Анан калса минтип маянабызды кечиктирип, аз-аздан берип коюп кыйнап жатышат. Акыры айлабыз кеткенде ушул жерге келдик. Мугалим, медик, милиционерлердин айлыгы көтөрүлдү, бирок негизги жумушту аткарган жолчулардыкы жогорулаган жок", — деди Кенжебаев.

Дагы бир жолчу Мырзабек Данияров күн жааганда түнкү саат 4:00дө эле жумушка чыгарын, кээде эки суткалап жолго кум чачып, күнү-түнү тазалап турушарын айтат.

Ал эми Нарын шаарында иштеген Жаныбек Асаналиев төрт айдан бери маяна ала элегин айтты.

"Ай сайын 2000, 3000, 5000 сомдон берип коёт. Эмгек өргүүгө чыккандар ага төлөнчү акчасын ала элек. Мына январь бүтүп калды. Сентябрь, октябрь, ноябрь, декабрь - төрт ай болуп жатат. Ошол төрт айдан бери айлык ала элекпиз", — деди Асаналиев.

Чогулгандардын алдына Жол чарба департаментинин директорунун орун басары Жумаш Сооданбаев чыкты. Ал январдын айлыгы толук төлөнөрүн, ал эми февралда мурдагы карыздары кошулуп берилерин убадалады. Маянанын кечигүүсүн пандемияда министрликтин бюджети кыскартылганы менен түшүндүрдү.

Ал арада УКМК Жол чарба департаментинин директору Шабданбек Иманкуловду "мыйзамсыз байыган" деп кармады. Аткаминер төрт хан сарайга, Бишкектен 20 батирге, кымбат баалуу автоунааларга жана көптөгөн бодо малга ээлик кылары айтылды.

777
Белгилер:
кечигүү, төлөө, маяна, Жол чарба департаменти
Тема боюнча
Иш таштаган маршрутка айдоочулары. Үч компанияга эскертүү берилди
Бишкектеги маршрутка айдоочулары күнүнө канча акча табат? Видео
13 млн. сом коромжу болгон. Шектүү катары Эсеп палатасынын инспектору кармалды
АКШнын аскер кызматкери. Архив

"Мындай кадам башынан анык эле": эмне үчүн Түндүккө басым жасалууда?

0
(жаңыланган 13:20 27.01.2021)
АКШ армиясы россиялык чек араларга жакын Норвегиядагы ордун бекемдөөдө. Январда ушул жакка миң чакты деңиз пехотачысы түшүрүлгөн.

Ошону менен бирге эле америкалык саясатчылар жана генералдар Арктикадагы чыңалуунун курчуп баратканын билдиришет, эксперттердин пикиринде, андай абалды өздөрү жаратууда. Пентагон Норвегияны эмнеге даярдап жатканын Николай Протопопов талдап көрүүгө аракеттенген.

Викингдерге мейманга

Деңиз пехотачылары ротациянын алкагында Түндүк Каролинадан Норвегияга жайгашууда. Америкалыктар мындай амалды бир нече жылдан бери жасап келет, бир бөлүктүн ордун экинчиси басып, айтор АКШнын аскердик контингенти иш жүзүндө дайым бул өлкөдө.

Норвегиялык инструкторлордун жетекчилигиндеги деңиз пехотачыларынын милдети Арктиканын катаал шарттарында аскердик аракеттерди аткарууну үйрөнүү жана НАТОдогу кесиптештери менен тыгыз аракеттешүүгө машыгуу.

Келерки айда он миңдин тегерегиндеги америкалык, норвегиялык, ошондой эле голландиялык жана англиялык жоокер катышкан Joint Viking 2021 масштабдуу машыгуусу өтөт.

НАТОчулар узун аралыкка ыкчам жетүүгө машыгып, бардык деңгээлде маалымат алмашуу ыкмаларын өздөштүрүп, биргелешкен операцияларды өткөрөт.

JointViking машыгуулары жыл сайын өткөрүлөт. Күчтөр — сооттолгон техника, артиллерия, авиация, кеме жана суу түбүндөгү кайыктар — жүздөгөн чарчы чакырымдык аймакта жогорку интенсивдүүлүктөгү согуштук аракеттерге, айрыкча токойлуу жана тоолуу жерлерде машыгышат.

Аскердик эксперт Александр Жилин белгилегендей, АКШнын аскердик доктринасына ылайык, алардын армиясы негизинен чет өлкөлөрдө согушууну өздөштүрөт.

"Ошондуктан мамлекеттик саясат америкалык аскерлер согуштук аракеттер, чалгындоо, аэродромдорду айланып учуу, деңиз жолдорун айланып сүзүүгө машыгуу үчүн бөлөк өлкөлөргө туруктуу барып турушуна ылайыкталып түзүлөт, — деп түшүндүрөт ал. — Биргелешкен операцияларга өзгөчө көңүл бурулат, анткени АКШ дайым бирөөнүн колу менен согушат". Эксперттин айтымында, Пентагон кырдаалды жасалма жол менен курчутат, анткени АКШ жана НАТО Арктикадан орун алууга умтулуусунан түк кайткысы жок.

"Деңиз пехотачылары коргонууга эмес, чабуул коюуга машыгышат, — деген ойдо Жилин. — Анын ичинде Россияга каршы да машыгышат. Эгер НАТОнун Европадагы окууларын жалпысынан талдап көрсөк, мындай машыгууларды Москва үчүн кыйын зоналарды жаратуу үчүн уюштурушканы айдан ачык. РФ армиясы айрыкча Норвегияда орун алган көрүнүштөр боюнча чара көрбөй кое албайт. Паникага алдырбайт, бирок күч жана каражаттарын алаксытат. Кандайдыр чагымчылдыктарга жол бербөө үчүн биз кырдаалды толук көзөмөлдөөгө тийишпиз".

Түндүк плацдарм

"Валдай" аналитикалык клубунун эксперти Артем Куреев Аляскада америкалыктардын Арктикадагы согуштук аракеттердин тактикасына машыгуу үчүн өздөрүнүн өнүккөн инфраструктурасы бар экенин белгилейт. Бирок баары бир алар Норвегияда машыгууну туура көрүшөт.

"Бул аларга НАТО лидери катары зарыл, — деп белгилейт Куреев. — Норвегия — альянстын эзелки мүчөсү. Осло Россияны болжолдуу душманы катары көрөт. Кансыз согуш жылдары эле норвегиялыктар Арктикада СССРге каршы аракет этүү үчүн инфраструктура түзүп, колдоп келген. Ошол дале уланууда. Абал чындап курчуп кетсе, Түндүк Норвегия дароо россиялык Мурманскиге карай жолдо НАТОнун негизги плацдармына айланат".

Вашингтон Арктикадан башка өлкөлөрдү сүрүп бекем орун алууга аракет кылат, муну жаңы Аскердик-деңиз күчтөрүнүн жана Деңиз пехотасы корпусунун Арктикалык стратегиясы да тастыктайт. Атап айтканда, анда "арктикалык аймактагы аскердик-деңиз күчтөрү болбосо, тынчтык жана өнүгүүгө Россия менен Кытай тараптан коркунуч көбөйөрү" айтылат.

АКШ Аскердик-деңиз күчтөрүнүн министри Кеннет Брейтуэйт белгилегендей, россиялык жээктерге жакын акваторияны күзөтүү жана "Ыраакы Түндүккө Москванын чабуулун" бөгөттөө үчүн Пентагон Арктикада аскердик кеме жана суу түбүндөгү кайыктарды туруктуу түрдө кармоону пландайт. Ошону менен бирге эле Арктикада жердеги кубаттуу күчтөрдү да топтойт.

Норвегиянын коргоо министри Франк Бакке-Йенсен өз кезегинде өлкөнүн коопсуздук саясатындагы негизги багыттар — Арктика жана Россиянын аймактагы ишмердиги, ал эми трансатлантикалык байланыш мында — маанилүү бөлүк экенин белгилеген. Айтымында, Норвегия НАТОдогу союздаштарынын Ыраакы Түндүктө жайгашуусун күчөтүүнү кубаттайт.

"АКШнын аскердик-деңиз күчтөрү, деңиз пехотасы, атайын бөлүктөрү, аскердик аба жана космостук күчтөрү менен катар Арктикада санаалаштарыбыз менен стратегиялык аракеттешүүнү өнүктүрөбүз, — дейт министр. — Бул Ыраакы Түндүктө союздук аскердик-деңиз жана аба күчтөрүнүн машыгууларын мезгил-мезгили менен өткөрүүнү болжойт. Норвегия бул иш-чараларга катышып, союздаштары менен оперативдүү шайкештикти жогорулатууга ниеттенет".

Чар тараптан

АКШ Түндүктө ордун олуттуу түрдө бекемдегенин белгилеп коюу зарыл. Норвегия мында дээрлик негизги ролду ойнойт. Өткөн жылы сентябрда норвегиялык Тромсе портуна Seawolf классындагы атомдук субмаринасынын жайгашышы кабарланган. Анын негизги вазийпасы — суу түбүндөгү россиялык кайыктардын багытына байкоо салуу.

Ал эми АКШ мурда "Түндүктө Россияны ооздуктоо үчүн" Экинчи флотту калыптандырган. Ал кезегинде Атлантика, Тынч океандын бир бөлүгү, Түндүк муз океандарындагы абалга көз салган. Бюджеттик каражаттарды үнөмдөө үчүн ал флот 2011-жылы жоюлган.

Кансыз согуштун дагы бир изи — россиялык чек арадан болгону 350 чакырымдык аралыкта жайгашкан жер алдындагы норвегиялык Олавсверн аскердик-деңиз базасы.

1960-жылы курулган жана үч жүз метрлик катмардуу тоо тек менен корголгон эбегейсиз бункерде НАТОнун субмариналары жана кемелери жайгашып, ремонттук док иштеп, ок-дары сакталган. Каалаган убакта батыш коалициясынын флоту советтик Аскердик-деңиз флотуна Норвегиялык деңизге жана Түндүк Атлантикага чыгуучу жолду бөгөп кое алган. 2000-жылдардын аягында база керексиз деп жабылып, бирок эми кайрадан калыптандырууну пландоодо.

Пентагон Арктикада аскердик-аба жагдайын күчтөндүрүүнү олуттуу түрдө колго алды. Өткөн жылы америкалык жана норвегиялык Аскердик-аба күчтөрүнүн масштабдуу машыгуулары өткөн.

Дароо алты B-52 Stratofortress стратегиялык бомбалоочу Түндүк уюлду айланып, Норвегиянын Аскердик-аба күчтөрүнүн истребителдери менен машыгышты. Ал эми жакында эле Пентагон кийинки айда Техастан Норвегиядагы "Эрланн" авиабазасына үндөн ыкчам төрт B-1Blancer "стратегин" жеткирери белгилүү болду.

0
Белгилер:
машыгуу, НАТО, АКШ, Россия
Тема боюнча
Россиянын С-400 тутуму төртүнчү өлкөнү "багындырууда". Мындан ары эмне болот?
Согуш отун тутантууга маш НАТО, чырдын алдын алып келген Россия. Абалга сереп