Машыккыла, мен келе жатам! Физиев UFC мушкерлерине чакырык таштады. Видео

Жазылуу
Промоушендин өкүлү Рафаэль Физиевдин бүгүнкү беттеши менен дивизиондогу мушкерлердин көңүлүн бурдурганын белгиледи.

Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев UFC уюмунун жеңил салмактагы спортчуларына "мыкты даярдыкта болгула!" деген чакырык таштады. Бул тууралуу ал бүгүн UFC 256 мелдешиндеги жеңишинен кийин маек берип жатып айтканын UFC Russia youtube каналына чыгарды.

Уюмдун өкүлү мушкер Физиевдин бүгүнкү беттештеги кыймыл-аракети, реакциясы жана комбинацияларынын баары жогорку деңгээлде болгонун белгиледи. Муну менен ал дивизиондогу мыкты мушкерлердин көңүлүн өзүнө бурдура алган-албаганын сураган.

"Ооба, мен биздин салмактагы бардык мушкерлерге кайрылат элем: балдар, көп машыккыла, күрөштү, грэпплингди, боксту өркүндөткүлө, күчтөнгүлө. Анткени мен келе жатам!" — деди мушкер.

Тайбоксер из Кыргызстана Рафаэль Физиев - Sputnik Кыргызстан
Рафаэль Физиев UFC 256 турниринде атаандашын нокаутка сулатты. Видео
Кыргызстандык мушкер сол, оң колдоп кезеги менен урган кубаттуу соккулары менен атаандашы бразилиялык Ренато Мойканону биринчи эле раундда нокаутка түшүрүп утуп алды.

Бул Физиевдин UFC уюмундагы төрт беттешиндеги удаасы менен үчүнчү жеңиши болду. Ал жалпысынан ММА спортунда 10 беттешке чыгып, тогуз атаандашын уткан. Бир жолу жеңилүү ызасын тарткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0