"Спутник V" майнаптуулугун далилдеди. Батыш эле макул боло албай убара

(жаңыланган 17:27 16.12.2020)
"Спутник V" колдонулган учурдун 91%ында майнаптуу болуп чыкты. Бул тууралуу Гамалея институту жар салды.

Препарат дүйнө жүзүнүн кызыгуусун жаратууда. Бири аны сатып алууга аракет кылып жатса, кээси россиялык вакцинага каршы маалыматтык согуш жүргүзүүдө. Дарынын ийгилиги кимге жолтоо болуп жатканын жана вакцинанын плацебодон эмне айырмасы бар экенин биздин видео көрсөтөт.

Белгилер:
согуш, Батыш, Россия, вакцина
Тема:
"Спутник V" вакцинасы (103)
Тема боюнча
Түндүк Корея Россиядан COVID-19га каршы вакцина сатып алды

Россия тик учактын ордун баса турчу чакан аэромобилдерди чыгарат. Видео

Россиянын Перспективдүү изилдөөлөр фонду "Циклон" долбоорунун алкагында "Циклокар" деп аталган инновациялык аэромобиль чыгаруу иштерин баштады.

Бул машина 600 килограммдык жүк көтөрүүгө ылайыкталып, ичине алты адам батат. Муну жүзөгө ашыруу иштерин Россия Илимдер академиясынын Сибирдеги бөлүмүнүн Теплофизиктер институту аткарары айтылды.

Биринчи этапта машинанын алдын ала долбоору даярдалган. Ошондой эле диаметри 1,5 метрлик циклдүү кыймылдаткычын жерден сынап көрүшкөн. "Циклокардын" жалпы көлөмү (узун-туурасы) 6,2 жана 6 метрди түзөт, саатына 250 чакырымга чейинки ылдамдыкта жүрөт. Ал эми тыным албай 500 чакырымга чейин жетсе болору белгиленген.

Аэромобиль тик учакка салыштырмалуу чакан эмес, ал имараттардын четине токтоп ичиндеги адамдарды түшүрүүгө да ылайыкташкан.

Белгилер:
кыймылдаткыч, Россия, унаа, чыгаруу, учуу
Тема боюнча
Гонконгдо пандемиядан улам робот-бармендер иштей баштады. Видео

Атаандашы 7-раунддан кийин чыкпай койду. Боксчу Акжолдун жеңиши видеодо

(жаңыланган 17:16 18.04.2021)
Эки спортчу тең мурда жеңилүү ызасын тарткандан кийин рингге чыгышкан. Кыргызстандык боксчуга жеңиш оңойчулук менен келген жок. Каршылашы менен жети раунд беттешип багындырды.

Кыргызстандык боксчу Акжол Сулайманбек уулу Екатеринбург шаарында өткөн RCC Boxing Promotions турниринде россиялык атаандашы Никита Кузнецовду утуп алды.

Аталган уюмдан Сулайманбек уулу дал ушул жеңиши үчүн бокска кайтканын белгилешти. Ал өткөн жылы март айында нокаут менен утулуп калган эле.

Кыргызстандык спортчу ар бир раунд сайын күч алып, таамай сокку уруп жатты. Жетинчи раунддан кийин Кузнецов беттешти улантуудан баш тартты.

Муну менен Сулайманбек уулунун куржунунда 16 жеңиш, бир жеңилүү бар. 2018-жылы ал Дүйнөлүк бокс ассоциациясынын версиясы боюнча Азия чемпиону болгон. Бул титулду төрт жыл катары менен сактап келет.

Белгилер:
жеңиш, беттешүү, бокс, Акжол Сулайманбек уулу
Тема боюнча
Эркин күрөштөн биринчи болуп Эрназар Акматалиев Олимпиадага лицензия утту. Видео
UFC Валентина Шевченко катыша турган мелдештин трейлерин жарыялады. Видео
Бишкекте Абхазиядан алып келинген автоунаалардын ээлери нааразычылык акциясына чыгышты

Бишкектин борбордук аянтында кайрадан митинг өтүүдө. Видео

(жаңыланган 14:16 19.04.2021)
Өкмөт үйүнүн жанында 100дөй киши чогулган. Алар Кыргызстанга Абхазия өлкөсүнөн келген унааларды мыйзамдаштырууну талап кылышууда.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Бишкекте Абхазиядан алып келинген автоунаалардын ээлери нааразычылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.

Өкмөт үйүнүн жанында 100дөй киши чогулган. Алар адегенде бир убакта сигнал басып, Садыр Жапаровдун жолугушууга чыгышын талап кылышкан. Милиция ызы-чууну чыгарууга жол берилбей турганын айткандан кийин чогулгандар Өкмөт үйүнүн парад өтүүчү жагына барышкан.

Нааразычылыкка чыккандар Кыргызстанга ташылып келинген абхазиялык номер тагылган автоунааларды мыйзамдаштырып берүүнү талап кылышты. Алардын алдына өкмөттүн өкүлү чыгып, көйгөйдү чечүүнүн жолдорун талкуулашты.

Белгилер:
талап, унаа, номер, Абхазия, митинг
Тема боюнча
Министрлик: Абхазиянын номери тагылган унааларды мамлекет алып коюшу мүмкүн