Нурсултан Назарбаев Акаев менен Бакиевди кантип качырганын айтып берди. Видео

Жазылуу
Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев журналист Айгүл Идиловага интервью берип, маек толугу менен YouTube тармагына жүктөлдү.

"Штрихи к портрету" берүүсүндө журналисттин суроолоруна жооп берип жатып, Назарбаев Кыргызстандын мурдагы президенттери Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин качып кетишине кантип жардам бергенин айтты.

Маалыматка караганда, ал Аскар Акаевди тик учак менен алгач Тараз шаарына алып кеткен.

"Абал абдан оор болчу, атышуу болушу мүмкүн экен. Куралдуу тиреш болуп кетпесин деп аны өлкөдөн алып чыгып кеттим. Андан ары тигил жакка (Москвага — ред.) кетти. Андан кийинки президент (Курманбек Бакиев — ред.) менен дагы ошол эле көрүнүш кайталанды. Ал Ошто өз тарапташтарын чогултуп, куралдандырып, Бишкекти көздөй барууга кам көрүп алыптыр. "Курманбек, мындайдын эмне кереги бар? Кан төгүлөт. Мейли, кайра бийликти алдың дейли, анан кантип иштейсиң?" дегем", — деди Назарбаев.

Өзүнүн айтымында, ага ошол кезде өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева телефон чалып, "Курманбекти акылына келтирип бериңиз" деп суранган. Ошол кезде Вашингтондо өзөктүк куралга каршы жыйын өтүп жаткан.

Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тынчтыктын чемпиону. Назарбаевге БУУ жаңы статус ыйгарды
"Ал кезде Россияда Медведев, АКШда Обама президент болчу. Үчөөбүз шыбырашып жаткан сүрөт бар. Ошондо Кыргызстанда жарандык согуш башталып кетмей болду деп сүйлөшүп жатканбыз. Мен Бакиевди Бишкектен алып чыгып кетейин, россиялык истребителдер менин учагымды коргоп беришсин деп сунуш кылгам", — деди Назарбаев.

Елбасынын айтканына караганда, ал кезде Казакстандын коргоо министри Адилбек Жаксыбеков болгон. Ал Назарбаевге Ош аэропортунда учуп-конуучу тилкеге таш төгүп салышты деген маалымат бар экенин айткан.

"Мен учакты жибере бер, эгер конуу тилкесинен таш көрүнсө кайрылып кете берсин дегем. Курманбекке жакындарыңды даярдап тур деп айткам. Ошентип аны үй-бүлөсү менен чыгарып кеттик. Кан төгүлгөн жок", — деди мурдагы президент.

Сөзүнүн аягында Назарбаев мындай кадамдарга барууга аргасыз болгонун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0