Кенгуру окумуштууну жалооруй карап, жардам сурап. Австралиядагы видео

Жазылуу
Жаныбарлар жапайы же үйдө багылганына карабай, муктаж болгон учурда баары бир кишиден жардам сурайт. Бул тууралуу жакында окумуштуулар жасаган экспериментте белгилүү болгондугун "National Geographic Россия" сайты жазды.

Сиднейдеги университеттин окумуштуулары кенгуру деле ит, ат же эчки сындуу адам баласына кайрылып, аны менен байланыш курганга аракет кыларын аныкташкан.

Изилдөө жүргүзгөн окумуштуулар 16 кенгуруну Австралиянын ар кыл аймагынан алып келген. Алар адамдардын жанында жашап жүрө берген, бирок экспериментке катышкан эмес.

...Контейнерге салынган азыкты тактайдын алдынан өздөрү аракеттенип алып жегендей кылып кыстарып коюшкан. 16 кенгурунун ичинен 11и ачка калбай, аракет кылып курсагын тойгузган. Кийинки этапта тактайга контейнерди ачылбагандай кылып бекитип коюшкан. Албетте, аны алып жеш жаныбарлардын колунан келбейт эле. Окумуштуулар кенгурулардын андан ары эмне кыларына кызыккан.

Куйругуна таяна калып... Тажаалданган кенгурулардын мушташкан видеосу чыкты - Sputnik Кыргызстан
Куйругуна таяна калып... Тажаалданган кенгурулардын мушташкан видеосу чыкты
Тамакты алып чыга албай жаткандардын жанында унчукпай, изилдөөнүн автору Алан Макэллиготт байкоо салып турган. Бул учур видеого түшүрүлгөн.

Акыры контейнерди ача албагандыгына көзү жеткен жапайы жаныбарлар улам тамакты, улам кишини алмак-салмак, жардам күткөндөй жалооруй караган. Кээ бирлери колун аркасына алып, маңдайында турган окумуштууга жакындап келип, эки аяктап тура калып, алдыңкы эки бутун кишинин тизесине акырын тийгизип, "жардам бер" дегендей сымал түрткүлөгөн. Окумуштуулар бул кыймылды алардын адамдын көмөктөшүүсүн сурап жаткандыгы деп чечмелеп беришкен. Контейнерди тырмалаган 11 кенгурунун 10у маңдайында турган окумуштууну же көзү менен бир нече ирет тиктеп, ишарат кылып, же алдыңкы буттары менен аярлай кайрылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0