Путинге кат жазып, Кремлдин көңүлүн бурган окуучунун маеги. Видео

Кыргызстандык окуучу Рустам Ташматов Владимир Путинге жолдогон каты жана эмне себептен "Газпром" менен "Роснефть" компанияларынын акцияларын сураганын айтып берди.

Рустам Ташматов бир нече жыл катары менен жаңы жыл алдында Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековго кат жазган. Ал отставкага кетип, жаңы башчыны шайлоо алдында Россиянын президенти Владимир Путинге кат жазууну чечкен.

"Мен аны келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, белекке тула пряниктерин, термокружка жана "Газпром" менен "Роснефть" компанияларынын акцияларын сурагам. Атамдын брокер досу акционер болуу абдан кирешелүү экенин айткандан кийин акциялуу болгум келген", — деди окуучу.

Ал ошондой эле тула пряниктерин ооз тийип көрүүнү кыялданарын айтты.

"Тула пряниктерин жеп көргөн эмесин. Интернеттен анын даярдалышын көрүп калдым. 50, 100, 150 килограммдык пряниктер болот экен. Эл аны абдан даамдуу деп айтышат. Эгер мага чоң пряник белекке беришсе баарыңыздарга берем", — деди Ташматов.

Росскызматташтыктын өкүлдөрү жеткинчекти амбициясы үчүн макташып, ал мектепти аяктаган соң өзү кызыккан тармак боюнча ЖОЖго тапшырып, билим алат деп ишенишерин билдиришкен. Мындан сырткары, Кремлден балага белек жөнөтүлгөн, жакынкы аралыкта тапшырылат.

Белгилер:
окуучу, кремль, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Галкинди таңданткан Барсбектин апасы: уулум Бишкекке бийик үйлөрдү курсам дейт

Россия тик учактын ордун баса турчу чакан аэромобилдерди чыгарат. Видео

Россиянын Перспективдүү изилдөөлөр фонду "Циклон" долбоорунун алкагында "Циклокар" деп аталган инновациялык аэромобиль чыгаруу иштерин баштады.

Бул машина 600 килограммдык жүк көтөрүүгө ылайыкталып, ичине алты адам батат. Муну жүзөгө ашыруу иштерин Россия Илимдер академиясынын Сибирдеги бөлүмүнүн Теплофизиктер институту аткарары айтылды.

Биринчи этапта машинанын алдын ала долбоору даярдалган. Ошондой эле диаметри 1,5 метрлик циклдүү кыймылдаткычын жерден сынап көрүшкөн. "Циклокардын" жалпы көлөмү (узун-туурасы) 6,2 жана 6 метрди түзөт, саатына 250 чакырымга чейинки ылдамдыкта жүрөт. Ал эми тыным албай 500 чакырымга чейин жетсе болору белгиленген.

Аэромобиль тик учакка салыштырмалуу чакан эмес, ал имараттардын четине токтоп ичиндеги адамдарды түшүрүүгө да ылайыкташкан.

Белгилер:
кыймылдаткыч, Россия, унаа, чыгаруу, учуу
Тема боюнча
Гонконгдо пандемиядан улам робот-бармендер иштей баштады. Видео

Атаандашы 7-раунддан кийин чыкпай койду. Боксчу Акжолдун жеңиши видеодо

(жаңыланган 17:16 18.04.2021)
Эки спортчу тең мурда жеңилүү ызасын тарткандан кийин рингге чыгышкан. Кыргызстандык боксчуга жеңиш оңойчулук менен келген жок. Каршылашы менен жети раунд беттешип багындырды.

Кыргызстандык боксчу Акжол Сулайманбек уулу Екатеринбург шаарында өткөн RCC Boxing Promotions турниринде россиялык атаандашы Никита Кузнецовду утуп алды.

Аталган уюмдан Сулайманбек уулу дал ушул жеңиши үчүн бокска кайтканын белгилешти. Ал өткөн жылы март айында нокаут менен утулуп калган эле.

Кыргызстандык спортчу ар бир раунд сайын күч алып, таамай сокку уруп жатты. Жетинчи раунддан кийин Кузнецов беттешти улантуудан баш тартты.

Муну менен Сулайманбек уулунун куржунунда 16 жеңиш, бир жеңилүү бар. 2018-жылы ал Дүйнөлүк бокс ассоциациясынын версиясы боюнча Азия чемпиону болгон. Бул титулду төрт жыл катары менен сактап келет.

Белгилер:
жеңиш, беттешүү, бокс, Акжол Сулайманбек уулу
Тема боюнча
Эркин күрөштөн биринчи болуп Эрназар Акматалиев Олимпиадага лицензия утту. Видео
UFC Валентина Шевченко катыша турган мелдештин трейлерин жарыялады. Видео
Душевая кабина

Бишкектеги турак жайлардын көпчүлүгүндө 4 күн бою ысык суу болбойт

(жаңыланган 14:53 19.04.2021)
Маалыматка караганда, жылуулук тармактарына капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн даярдык иштери аткарылат.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Бишкектин жеке секторлорунда 21-24-апрель аралыгында ысык суу өчүрүлөт. Кеп "Бишкек жылуулук тармагына" кошулган үйлөр жөнүндө болуп жатканын муниципалитеттин маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, жылуулук тармактарына капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн даярдык иштери аткарылат.

"Ысык суу жеке секторлордо гана өчүрүлөт. Көп кабаттуу үйлөргө тиешеси жок", — дешти ишканадан.

Ысык сууга жеке сектордогу көптөгөн турак үйлөр кошулганы белгиленип, алардын бардыгында тең суу өчүрүлөрү эскертилди.