UFC уюмунун 2020-жылдагы соңку турниринин эң мыкты учурлары. Видео

167
(жаңыланган 13:04 20.12.2020)
АКШда аралаш мушташ боюнча UFC Vegas 17 турнири өттү. Абсолюттук мушкерлер уюмунун 2020-жылдагы соңку турнири Лас-Вегаста уюштурулган.

Кеченин башкы беттешинде америкалык спортчулар Стив Томпсон менен Жефф Нил беттешип, калыстардын чечими менен биринчи атлет жеңүүчү деп табылган.

Турнирдин дагы бир башкы беттешинде бразилиялык Жозе Альдо эквадорлук Марлон Вераны утуп алган. Мында да беттеш аяктабай жатып, калыстар мөөнөтүнөн мурда чечим чыгарышкан.

Мындан тышкары, беттештин негизги кардында үч беттеш, болжолдуу бөлүгүндө жети кармаш болгон.

167
Белгилер:
видео, беттешүү, турнир, UFC
Тема боюнча
Физиев нокауту үчүн 50 миң доллар алды. UFC 256 турниринин кызыктуу ирмемдери
Көтөргөн боюнча жерге бир чаап... Дана Уайтты таң калтырган нокауттун видеосу

Арстандар үйдү "ээлеп алганда". Түштүк Африкадан тартылган видео

32
Түштүк Африканын Худспрут шаарында жашаган жубайлар Дэвид жана Маришка Де Бир туугандарынын бош турган үйүнө көз салып коюу үчүн келип, арстандардын үйүрүнө туш болгон.

Daily Mail аял-күйөөсүн күтүүсүз коноктор "тосуп алгандыгын" жазды.

Алар бош үйүндөгү "конокторду" видеого тартып алышкан. Кадрдан айнек терезенин алдында жайбаракат күн чубактап жаткан алты арстанды көрүүгө болот.

Жырткычтар эшикти акырын ачып кирип келе жаткан кишини алгач байкаган эмес. Качан гана кыймылды сезип калганда үркүп кетип, жапырт тура калышкан. Жубайлардын айтымында, айланчыктаган арстандар алгач дароо эле кетип калган эмес.

Маалыматта үй улуттук Крюгер паркынын жанына жайгашып, Дэвиддин атасына тиешелүү экендиги жазылган. Адатта ал тегеректен ээн-эркин жүргөн жырткычтарды көп кездештирүүгө болот.

Там сатыкка коюлуп, бир нече мезгилден бери бош турган. Адам жыты келбегендиктен, жырткычтар ал жерди байырлай баштаган.

32
Белгилер:
арстан, Түштүк Африка Республикасы
Тема боюнча
Жыра тартып... Крокодилдердин олжосун илип кеткен бегемоттордун видеосу

Дача-СУга кулаган учак. 39 кишинин өмүрүн алган авиакырсыктын айтыла элек сыры

209
(жаңыланган 11:23 16.01.2021)
Дача-СУдагы авиакырсыктын көптөгөн майда-чүйдө, бирок маанилүү учурлары төрт жыл өткөндөн кийин белгилүү болду. Эл аралык авиация комитети каргашаны иликтөөнүн жыйынтыгын былтыркы жылдын май айында гана жарыялады.

Sputnik агенттиги даярдаган даректүү тасма кырсыктын себептерин иликтөө боюнча документтин негизинде даярдалды. Ал кырсык тууралуу көп жазылды, бирок табышмак бойдон калган нерселер али да арбын.

Көпчүлүк учактын кулашына учкучтар күнөөлүү экенин уккан. Бирок эмне себептен тажрыйбалуу учкучтар мындай ката кетиргенин биле беришпейт.

Ошондой эле каргашада 39 адам каза болгону айтылат. Алардын 35и жергиликтүү тургундар болсо, төртөө — экипаждын мүчөсү. Анда эмне үчүн эстелик ташка 40 адамдын ысымы чегилген. Атургай кээ бирөөлөр 43 кишинин өлгөнүн айтышат. Анда аты айтылбаган төрт киши ким?

Бул суроолорго Sputnik даярдаган даректүү тасмадан жооп аласыз. Эгер даректүү тасмага убактыңыз тар болсо, анда видеоинфографиканы көрүңүз.

209
Белгилер:
трагедия, видео, авиакырсык, Дача СУ
Тема:
Дача айылындагы авиакырсыктын кесепеттери
Тема боюнча
Өлөр алдында учкучтар уруша кетишкен. Дача СУга учактын кулаган себеби
Дача СУга кулаган учак. Каргашанын себеби айтылган отчёт чыкты
Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Чынара Исакова. Архив

Исакова: Бишкекте 18-январдан тарта 1, 5, 9, 11-класстар салттуу окуйт

0
Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Чынара Исакова борбор калаада мэрияга караштуу 97 орто билим берүү мектеби бар экендигин айтты.
Исакова: Бишкекте 18-январдан тарта 1, 5, 9, 11-класстар салттуу окуйт

18-январдан тарта Бишкектеги орто мектептер салттуу режимде окуй башташат. Бул тууралуу Чынара Исакова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, балдарын мектепке жеткирип барган ата-энелер да эпидемиологиялык абалды эске алып, тиешелүү эрежелерди карманышы шарт.

"18-январдан тарта Бишкек мэриясына караган мектептер айрым класстардын окуучулары үчүн эшигин ачат. Алар 1, 5, 9 жана 11-класстын окуучулары. Жалпысынан 56 миңден ашуун окуучу барып окуйт. Бардык эпидемиологиялык шарттар эске алынды, мектептер даяр", — деди Исакова.

Адис бирдиктүү мектеп формасы талап кылынбастыгын, бирок дресс-кодду сактоо зарылдыгын кошумчалады.

0
Белгилер:
коронавирус, мектеп, Бишкек, Чынара Исакова
Тема боюнча
Абдылдаева: 2100 мектеп реалдуу режимде окуусун баштады