Бишкекте унаа уурдалган учур видеого түшүп калып, эки бала менен чоң киши кармалды

5976
(жаңыланган 10:18 22.12.2020)
400 миң сомдук Honda Fit үлгүсүндөгү автоунаа 16-декабрда Бишкек шаарынан уурдалган. Ал машина жуучу жайдын алдына токтотулган эле.

Бир эркек менен эки өспүрүм Бишкектеги Горький көчөсүндө токтоп турган автоунааны уурдай качты деп шектелүүдө. Бул тууралуу калаанын Октябрь райондук милициясынан билдиришти.

Honda Fit автокөлүгү 16-декабрда саат 3:00 менен 6:00дөр ортосунда уурдалган.

Кожоюну кайрылган соң укук коргоо органдары КР Жазык кодексинин 206-беренесине ("Автотранспорт каражатын уурдоо") ылайык сотко чейинки өндүрүштү баштаган.

Кылмышка шектүү катары 28 жаштагы бир киши жана эки өспүрүм кармалды. Чоң киши Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоо жайына киргизилип, өспүрүмдөр жашы жете электигине байланыштуу милдеттенмелер жүктөлүп, үйүнө жиберилди.

Милиция бул жарандардын башка кылмыштарга тиешеси бары-жогун иликтеп жатат.

5976
Белгилер:
видео, уурулук, автоунаа, Бишкек
Тема боюнча
Бишкекте каракчылыкка шектүү кармалып, үйүнөн курал табылды. Видео

Байгеге карышкыр да коюлду. Дача СУдагы бүйүр кызыткан аламан улактын видеосу

1346
(жаңыланган 21:46 06.03.2021)
Бишкектин четиндеги Дача СУ айылында чоң аламан улак оюну болду. Ага болжол менен миңге чукул улакчы катышып, салмагы 70 килограмм болгон торпокту тартышты. Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунан дагы атайын ышкыбоздор келишкен.

Аламан улакты Сейдали Келдиев үч уулуна бата алуу үчүн өткөрдү. Ал өзү да 18 жылдан бери улак тартып келет, белгилүү балбандардын бири.

Байгеге эки автоунаа, тирүү карышкыр, алтын кур, беш төө, 10дой тай, торпок, топоз коюлду. Бирок мындай соорундарды утуп алуу оңойго турбайт. Адегенде улакчынын билеги күчтүү, аргымагы күлүк болушу керек.

Улакчылар аттын жалына торпокту тартып алары менен такымдап, зоот атын чаң ызгыта чаап жөнөйт. Эгер жерге түшүп калса топту жарып кирип, жүздөгөн атаандашынын арасынан сууруп чыгышы керек. Эрендер кең талаада жерден эңип, бири-бирине ашырып кызыктуу оюн курушту.

1346
Белгилер:
улакчы, торпок, оюн, байге, аламан улак тартыш
Тема боюнча
Кара-Сууда миңден ашуун улакчы кыл чайнашты. Оюндун кызыктуу учурлары видеодо
Аламан улактын батири талашка түштү. Байыш Ниязов байгеси менен бөлүшмөй болду
"Ынтымак" "Достуктун" айласын кетирип утуп алды. Урунттуу учурлар видеодо
Манас Ниязов Көчмөндөр оюнунда араздашкан казак улакчысы менен элдешти. Видео

Москвада кыргызстандык бөбөк соода борборунун эскалаторунан кулап кетти. Видео

398
(жаңыланган 19:37 06.03.2021)
Элчи жабырлануучунун жакындары менен жолугуп, дипломатиялык өкүлчүлүк юридикалык жардам көрсөтөрүн айткан.

Москвада кыргызстандык төрт жаштагы бала соода борборунун экинчи кабатынан кулап кеткендигин Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.

Окуя 3-мартта болжол менен күндүзгү саат 12лер чамасында болгон. Кыргызстандык Н.А. аттуу бөбөк эскалатордун экинчи кабат менен тең бийиктигинен кулап кеткен. Бала Москва шаардык саламаттык сактоо департаментинин тез жардам көрсөтүү хирургиясы жана травматология илимий изилдөө институтунун нейрохирургия бөлүмүнө жаткырылган.

5-мартта Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат аталган бөлүмдүн башчысы менен жолукту. Ал кулап кеткен баланы көрүп, нейрохирургиялык бөлүмдүн башчысынан бөбөктүн тезинен сакайып кетиши үчүн бардык чараларды көрүүнү өтүндү.

Мындан тышкары, элчи жабырлануучунун жакын туугандары менен жолугуп, дипломатиялык өкүлчүлүк юридикалык жардам көрсөтөрүн айткан.

Элчиликтин юристтери үй-бүлө менен тыгыз байланышта иш алып барып жатканы, бул маселе өкүлчүлүктүн көзөмөлүндө турганын белгиледи.

398
Белгилер:
Гүлнара-Клара Самат, оорукана, эскалатор, бала, Кыргызстан, Москва
Тема боюнча
Крокодил 8 жашар баланы атасынын көзүнчө тирүүлөй жутуп алды. Силкинткен окуя
Медициналык кызматкер COVID-19 алынган үлгү менен. Архив

COVID: көз жумгандар болгон жок, айыккандар арбын. 7-марттын статистикасы

7
(жаңыланган 11:09 07.03.2021)
Кыргызстанда соңку суткада COVID-19дан каза тапкандар катталган жок. Ооруну жуктургандарга караганда айыккандардын саны арбын болду.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Кыргызстанда учурда коронавирус жуктурган 14 бейтап ооруканада өтө оор абалда жатса, 44 адамга аталган илдет жуккан. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

Өткөн суткада COVID-19дан көз жумгандар болгон жок. Аталган илдеттен 46 адам айыгып кетти.

Маалыматтарга таянсак, ооруканаларда учурда коронавирустан 344 адам дарыланууда.

"Стационардагылардын ичинен 88 бейтап оор, 14 киши өтө оор абалда жатат", — деп айтылат штабдын маалыматында.

Амбулатордук дарыланууда 261 бейтап бар экени кабарланды.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек - 21
  • Ош - 2
  • Чүй облусу – 5
  • Нарын облусу - 4
  • Ысык-Көл облусу – 12

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:

  • Бишкек – 17
  • Чүй облусу – 14
  • Ош облусу – 4
  • Нарын облусу – 1
  • Ысык-Көл облусу – 8
  • Баткен облусу – 2
7
Белгилер:
статистика, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
Коронавирустан айыккандар чалдыгышы мүмкүн болгон оорулар. Тизме
"Спутник V" Pfizer вакцинасын озду. Аны дүйнөдө 45 мамлекет жактырды