Кудай сактаптыр! Дөңгөлөк алдынан карындашын сактап калган өспүрүм. Видео

(жаңыланган 10:11 23.12.2020)
Бразилиянын шаарларынын биринде өспүрүм жолдо келе жаткан автоунаанын алдынан чуркап чыга калган карындашын аман алып калды.

The Daily Mail басылмасынын жазышынча, окуя Рондонополис муниципалитетинде болгон. Ал учурда кыздын үй-бүлөсү дүкөндөн соода кылып жаткан.

Кадрлардан кичинекей кыз шуулдап өтүп бараткан унаанын маңдайынан чыга калганын, агасы кырсыкка аз калганда аны көтөрүп четке ала качканын көрүүгө болот. Айдоочу дагы дароо тормозду басканга үлгүргөн, бирок өспүрүм баланын бутун көгөртүп тийип кеткен.

"Ал убакта эмне болгонун деле түшүнбөй калдык. Кийин камерадан видеону көргөнүмдө жүрөгүм шуу этип, көзүм жашылданып кетти. Жигит жеткинчек кызга экинчи өмүр берди", — деген дүкөндүн ээси Алекс да Сильва Маркес.

Ошондой эле Кытайда бала бакчанын кароолчусу 3-кабаттан кулаган баланы тосуп калган видеону көрсөңүз болот.

Белгилер:
видео, сактоо, өмүр, унаа, өспүрүм, Бразилия
Тема боюнча
Уулуу курт чагып ала жаздаган бөбөктү энеси сактап калды. Видео

Болбогон жерден жем болду… Чалынып кетип арстанга кармалган эликтин видеосу

(жаңыланган 16:18 13.04.2021)
Далбас уруп арстандан качкан элик жырткычты кыйла артта калтыргандай болгон. Бирок капыстан аңга түшүп кетип жем болгону видеого түшүп калган.

Кадр Кениянын түштүк-батышындагы Масаи-Мара коругунда тартылганын National Geographic жазды. Бул жаратылыш паркы арстандары менен белгилүү. Анда бул жырткычтын саны 900гө жакын. Аңчылыкка ургаачылары гана чыгат.

Видеодон жаш арстан эликтин артынан түшүп, бирок аны кармоого кокустук гана жардам бергенин көрүүгө болот.

Белгилер:
элик, арстан, Кения
Тема боюнча
Тарбаңдап, улам жакындап. Жаалданган осьминогдун чочуткан видеосу

Бишкектеги мектепке Гагариндин бюсту коюлду. Иш-чаранын видеосу

(жаңыланган 18:55 12.04.2021)
Борбор калаадагы мектептердин бирине Юрий Гагариндин ысымы ыйгарылат. Аталган билим берүү мекемесине космонавттын бюсту коюлду, ошондой эле эстелигин да тургузуу пландалууда.

Бюст коомдук фонддордун жана шаардыктардын демилгеси менен орнотулду. Скульптура Гагарин көчөсүндөгү №25 мектептин аймагынан орун алды. Бүгүн бул билим берүү мекемесинде Космонавттар күнүнө карата көргөзмө уюштурулду.

  • В мероприятии участвовали завотделом мониторинга гуманитарного развития и взаимодействия с институтами гражданского общества аппарата президента КР Кудайберген Базарбаев, депутаты ЖК КР, посол РФ в КР Николай Удовиченко, вице-мэр Айжан Чыныбаева и представители общественных фондов Диалог Культур — Единый мир и Саякбай Манасчы.
    Борбор калаадагы мектептердин бирине Юрий Гагариндин ысымы ыйгарылат.
    © Sputnik / Жоомарт Ураимов
  • Скульптура первого космонавта Юрия Гагарина появилась на территории школы №25, находящейся на улице Гагарина в Бишкеке
    Аталган билим берүү мекемесине космонавттын бюсту коюлду, ошондой эле эстелигин да тургузуу пландалууда.
    © Sputnik / Жоомарт Ураимов
1 / 2
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Борбор калаадагы мектептердин бирине Юрий Гагариндин ысымы ыйгарылат.

Иш-чарага президенттик аппараттын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев, Жогорку Кеңештин депутаттары, Россиянын КРдеги элчиси Николай Удовиченко, вице-мэр Айжан Чыныбаева жана "Диалог Культур — Единый мир", "Саякбай Манасчы" коомдук фонддору катышты.

Туура 60 жыл мурун советтик космонавт Юрий Гагарин дүйнөдө алгачкылардан болуп космоско аттанган. Анын учуу убактысы 1 саат 48 мүнөткө созулган.

Белгилер:
мектеп, бюст, эстелик, Юрий Гагарин
Тема боюнча
Адам баласынын космоско учушу. 60 жыл мурунку легендарлуу видео
Марс планетасына алгачкы тик учак кантип конду. Тарыхый сүрөттөр
Кыргызстандыктар жазгы жабыла учкан алгачкы топ жылдызды көрө алышат
Жол кырсыгынан жабыркаган унаа. Архив

Чүйдө төрт унаа кагышып, эки адам жабыркады. Кырсыктын видеосу

(жаңыланган 18:53 13.04.2021)
Жол кырсыгы Александровка айылында катталган. Жеринде ыкчам тергөө тобу иштеп жатат.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Чүй облусунун трассасында төрт унаа кагышып, эки адам жабыркады. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККБ) маалымат кызматы билдирди.

Кырсыктын видеосу "Короче" Тelegram-каналына жарыяланган. 

Каргаша Александровка айылында 15:00дөр чамасында болгон. Анда Honda Stepwgn, Ford Transit, Lexus LX470 жана Merceses-Benz үлгүсүндөгү микроавтобус кагышкан.

Натыйжада Ford үлгүсүндөгү унаанын эки жүргүнчүсү жабыркаган. Жеринде ыкчам тергөө тобу иштеп жатат.

Күбөлөрдүн айтымында, жол кырсыгынан улам Бишкекти көздөй кеткен жолдо унаа тыгыны жаралган.

Белгилер:
тыгын, унаа, жол кырсык
Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Түптө жол кырсыгынан 19-20 жаштагы үч бала көз жумду. Дагы үчөө ооруканада