Тыныбекова Дүйнө кубогундагы мыкты спортчу деп таанылды. Видео

Жазылуу
Айсулуу Тыныбекова Дүйнө кубогунда толук үстөмдүгүн көрсөтүп, жалпы эсеп 47:2ни түзгөн. Видеонун сүрөттөмөсүндө кыргызстандык спортчу кыз мыкты экени айтылат.

Балбан кыз Айсулуу Тыныбекова спорттук күрөш боюнча Сербияда өтүп жаткан Дүйнө кубогунда чемпион болгон. UWW (United World Wrestling) уюму анын чындап мыктылыгын көрсөткөнүн билдирген.

"Учурдагы дүйнө чемпиону төрт атаандашын жеңди. Биринчи үч мелдеште ал атаандаштарын 33:2 эсебинде уткан. Ал эми финалда латвиялык Анастасия Григорьеваны артта калтырды”, — деп айтылат билдирүүдө.

Айсулуу Тыныбекова кийин журналисттерге маек куруп, байге куржунунда олимпиадалык гана медаль жок экенин айтып берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0