Ырчынын "Я скучаю по тебе" аттуу жаңы ырынын авторлору композиторлор Игорь Крутой менен Игорь Николаев. Бул ырга тартылган клип Youtube-каналына жүктөлгөн. Учурда видеону 240 миңден ашуун киши көрдү.
Димаш буга чейин узак убакыттагы карантинден кийин чыгармачылыгына жаңы дем менен киришкенин жазган. Бул ыр анын бук болгонунан да кабар берерин жашырган эмес.
Маалыматка караганда, аталган клуб Кара-Балта шаарынын Карл Маркс жана Бейшеналиев көчөлөрүнүн кесилишинде "Лаванда" деген сулуулук салон катары иштеп жаткан.
Тинтүү учурунда атайын программалар менен камсыздалган компьютердик жабдуулар, акча каражаты жана башкалар табылган. Ошондой эле ичинде кумар оюндарын ойноп жаткан кардарлар отурган.
Аталган факт боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылды. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Россиялык мушкер казакстандык атаандашы Сергей Морозовду муунтуу ыкмасы менен утуп кетти. Беттеш 2-раундда соңуна чыкты.
Ал беттеш аяктаган соң агасы Хабиб дагы алгачкы жеңишин дал ушундай ыкма менен багындырганын эске салды.
"Мен бактылуумун. Тогуз жыл мурда бул рингге Хабиб кирип, дал мендей болуп утуп чыккан. Анын ыкмасын кайталаганыма кубанычтамын”, — деди ал.
Таймашка секундант катары катышкан Хабиб Нурмагомедов өзү инисиндей болуп экинчи эмес, үчүнчү гана раундда жеңгенин кошумчалады.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирусту акыркы суткада 155 киши жуктурса, 136 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
Кыргызстанда жалпы COVID-19 инфекциясынын 83 585 учуру катталды.
Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:
Жалпы айыккандардын саны 79 509 болду.
Бир сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен Бишкекте жана Чүйдө эки бейтап каза тапты. Ушуну менен илдеттен көз жумгандардын саны 1 394кө жетти.
Учурда стационарда 708 бейтап дарылнууда. Ал эми амбулатордук дарыланууда 1 044 киши бар.