Кыз ала качкан балдарды милиция кармаганча кууган. Бишкектик үй-бүлөнүн видеосу 

2073
(жаңыланган 20:46 26.12.2020)
Бишкекте кыз ала качууга күбө болгон жаш үй-бүлө артынан кууп барып аны куткарып калды. Кызды күчкө салып унаага салып бара жаткан видео социалдык тармакка жарыяланды.

Бул маалыматты борбор калаанын Октябрь райондук милициясы тастыктап, окуя кечээ, 25-декабрда, саат 23:00дөр чамасында болгонун билдирди.

Анда криминалдык милициянын опер кызматкерлери Toyota ipsum үлгүсүндөгү шектүү унааны байкаганы айтылат. Ал Юнусалиев көчөсү менен түштүк-чыгыш тарапты көздөй бараткан унаанын артынан бир машина куугунга түшкөнүн көрүшкөн.

“Опер кызматкерлер автоунааны токтоткондо ичинде белгисиз бир кыз жана болжол менен 25-30 жаштагы жигиттер болгон. Жагдайды териштирүү үчүн баарын Октябрь райондук милиция бөлүмүнө алып келишкен. Аталган факт Жазык кодексинин 170-беренеси ("Адам уурдоо") менен КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш ачылды”, — деп айтылат маалыматта.

Териштирүүнүн алкагында автоунаанын айдоочусу 26 жаштагы Ш.И. жанында отурган балдар 27 жаштагы Ш.Б., 28 жаштагы А.А. экени белгилүү болгон. Алар салып кеткен 20 жаштагы А.Г. аттуу кыз болгону аныкталган. 

Азыркы тапта тергөө иштери жүрүп жатат.

 

2073
Белгилер:
автоунаа, кармоо, кыз ала качуу, милиция
Тема боюнча
Ала качуу фактысын көрсөңөр чалгыла! ИИМдин кайрылуусу
Бишкекте кыз ала качты деп 28 жаштагы жигит кармалды

"Ууланган Кумтөр": депутаттарга алтын кен тууралуу тасма көрсөтүлдү

110
(жаңыланган 11:43 17.05.2021)
Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында Кумтөр маселеси каралар алдында депутаттарга алтын кен тууралуу тасма тартууланды.

"Ууланган Кумтөр" аттуу көрсөтүүнү Коомдук телерадио корпорациясынын журналисти Медер Шерматалиев тарткан.

Бегилей кетсек, бүгүн парламентте кезексиз жыйын өтүп, анда Кумтөр жана чек ара маселелери каралууда.

110
Белгилер:
тасма, Кумтөр, Жогорку Кеңеш, Кыргызстан
Тема боюнча
Кумтөрдө мөңгүлөргө көзөмөл кылган система өчүрүлгөнү айтылды

Чет тилде жер тааныткан туристтик милиция. Ысык-Көл ОИИБ тарткан видео

66
(жаңыланган 10:54 17.05.2021)
Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы туристтик милициянын ишмердүүлүгү жөнүндө социалдык ролик даярдады.

Видеону облустук милициянын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов YouTube тармагына жүктөдү.

Роликте милиционерлер чет элдик туристтерге Ысык-Көлдүн ажайып жаратылышы менен ар кыл тилде тааныштырып, ошону менен бирге коопсуздугу сакталарын белгилешет.

Облустук милициянын билдиришинче, жайында туристтик милициянын өздүк курамына эс алуучулардын коопсуздугун камсыз кылууда чоң жоопкерчилик жүктөлөт. Мурдагы жылдарда топтолгон тажрыйбалар быйыл да колдонулмакчы. Бирок иш коронавируска байланыштуу киргизилген санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык жүргүзүлөт.

"Чет элдик же жергиликтүү туристпи, айырмасы жок. Туристтик милиция коопсуздугун сактап, аймакты жакшы билбесе жолду жана багыттарды көрсөтүп берүү сыяктуу жардам беришет. Сырттан келгендер көбүнчө тоо туризмине басым жасагандыктан, кызматкерлер Ак-Суу, Түп, Жети-Өгүз жана Тоң райондорунда да кайгуул иштерин жүргүзүп турмакчы", — деп айтылат маалыматта.

Милиция Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында 13 туристтик маршрут боюнча кызмат өтөп, меймандарга кеңештерин берип турмакчы.

66
Белгилер:
эс алуу, ролик, коопсуздук, милиция, турист, Ысык-Көл
Тема боюнча
Жол кырсыгын болтурбайлы. Милиция ыктыярчыларга эскертүү берди
Өспүрүм балдар. Архив

Туугандары изделүүдө. РФтен кыргызстандыктар таштап кеткен 5 бала алып келинди

0
(жаңыланган 16:02 17.05.2021)
Министрлик бөбөктөрдү кайтарып берүү үчүн тууган-туушкандарын издеп жатат. Азырынча кичинекейлер балдар үйүнө жайгаштырылган.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Кыргызстанга Москва шаары менен Москва облусунан эки жашка толо элек беш бала алып келингенин Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү боюнча министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.

Бул бөбөктөрдү кыргызстандык кыз-келиндер Россиядагы төрөт үйлөрүнө таштап кетишкен. Кичинекейлер мекенине алып келингенден кийин балдар үйлөрүнө убактылуу жайгаштырылган. Маалыматта министрлик бөбөктөрдү кайтарып берүү үчүн тууган-туушкандарын издеп жатканы айтылды.

2021-жылдын башынан тарта Кыргызстанга 11 бөбөк алып келинген. Алардын алтоосун ата-энеси таштап кеткен.

0
Белгилер:
балдар, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Чүйдөгү балдар үйүнөн качып кеткен өспүрүм изделүүдө. Сүрөт