Дүйнө кубогунда жеңүүчү болгон балбан кыз Айсулуу Тыныбекова кыргызстандыктарды келе жаткан жаңы жылы менен Facebook баракчасы аркылуу куттуктады.
"Өтүп бара жаткан жыл баарыбызга оор болду. Көптөгөн эл аралык мелдештер белгисиз убакытка жылдырылды, бирок спортчуларыбыз Дүйнө кубогунда ийгилик жарата алды. Жылдын аягында Бириккен күрөш дүйнөсү онлайн жарыш уюштуруп, мен анда жылдын мыкты спортчу айымы наамын жеңип алдым. Келе жаткан жыл мындан дагы татаал болот. Анткени алдыда Токиодо өтчү Олимпиада оюндары турат. Биз анда өлкөнүн үмүтүн актоого аракет кылабыз", — деди Тыныбекова.
Сөзүнүн аягында ал мекендештерине ден соолук жана ийгиликтерди каалады.
Тыныбекова быйыл бир топ ийгиликтерге жетишти. Алгач Дүйнө кубогунун жеңүүчүсү болуп, андан соң кыздар күрөшүнүн тарыхындагы эң мыкты балбан деп табылды.
Аскерлердин жүрүшүн жана парадды кабыл алган Ким Чен Ындын видеосун RT жарыялады.
Анда Кореянынын борбордук телеграф агенттиги жазгандай, суу алдында жайгашкан баллистикалык ракеталар — "дүйнөдөгү эң кубаттуу курал" көрсөтүлдү. Андан сырткары, тактикалык ракеталар менен өзү кыймылга келе турган артиллериялык техникалар да өттү. Асмандан тартылган видеодо төрт чарчы болуп ашык-кеми жок басып бара жаткан аскерлер да чагылдырган.
Эмдөө пандемиянын экинчи, "татаалыраак боло турган" жылынан сактап кала алабы? "Спутник V" менен кайсы чет өлкөлөрдө эмдөө башталды? Якутиялык окумуштуулардын кайыңдын кабыгынан жасалган препаратына таянсак болобу?
Бул суроолорго жоопту биздин видеодон көрсөңүз болот.
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Ишемби, 16-январда, күндүзү өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +11...+16, Талас жергесинде +13...+18, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +12...+17, Ысык-Көлдө +4...+9, ал эми Нарын аймагында -1...-6 градус болору айтылды.
Күндүн табы Бишкекте +13...+15, ал эми Ошто +15...+17 градусту көрсөтөт.