Бул турнир менен жаш спортчулардын даярдыгын текшерүү максатын көздөгөнүн айтат уюштуруучулар. Анын алкагында спорттун чеберине талапкерлер жана жаш фигуристтер өнөрүн тартуулап, калыстардын сынынан өтүштү.
Лира Кенжетаева 13 жаштагы кызы Айбике Эсентаевага күйөрмандык кылып келген. Ал муз үстүндө бийлөө спортун үйрөнүү, кийимдери, шаймандары кымбат болгонуна карабай кыздарынын каалоосун аткарып келгенин белгилейт.
"Албетте, ар бир эле ата-эне толкунданат. Ушунчалык тынчсыздангандыктан баласынын аткаруусун көрбөй далдоого кирип кеткен ата-энелер да болот. Балдар да мелдеш алдында толкунданат деп ойлойм. Деген менен беш-алты жылдан бери катышып, аздыр-көптүр тажрыйба алып калышты. Негизи муз үстүндө жүрүү оңой эмес да", — деди Кенжетаева.
Ошондой эле ал аталган спортко дагы бир кызы катышарын кошумчалады.
15 жаштагы Данил Петренко Шаардык муз аянты спорттук клубунда алты жылдан бери машыгат. Ал мелдешке катышкандардын арасында жалгыз эркек."Бүгүнкү аткарган программа бир аз оор болду. Карантинге байланыштуу жетиштүү деңгээлде даярдык көрө алган жокпуз. Көрсөткөн номериме канааттандым. Деген менен мындан да жогорку деңгээлде аткара алмакмын. Башталышында бир аз толкундандым, кийин ойноп баштаганымда баары артта калды", — деди фигурист.
Мелдештин башкы калысы, көркөм муз тебүү мектебинин башкы машыктыруучусу Елена Швеймер спортто атаандаштыктын негизинде гана алдыга умтулуу болорун белгиледи.
"Балдар көп убакыттан бери мелдешке чыкпагандыктан дээрлик баары толкунданып жатканы байкалып турду. Жалпысынан жыйынтык бизди канааттандырат. Бүгүн бир да спортчу 100 пайыздык даярдык көрсөтө алган жок. Анткени жетиштүү машыгуу болгон эмес. Мындан сырткары, жалпы машыгуу башталганда айрымдары жаракат алып, кээ бири ооруп калды. Ошого карабай мелдешти өткөрдүк. Бул эң башкы жетишкендик", — деди Швеймер.
Аталган мелдеш март айына пландалып, ага кошуна Казакстан, Россия өлкөлөрүнүн муз тебүү чеберлери чакырылган болчу. Бирок пандемиядан улам мелдеш өтпөй келген.
"Барселона" клубунун капитаны Лионель Месси бильбаолук "Атлетик" командасы менен Испаниянын суперкубогунун финалында орой оюну үчүн беттештен куулду. Бул тууралуу Р-Спорт маалымат булагы жазды.
Севильяда өткөн чечүүчү беттеште "Атлетик" 3:2 эсеби менен утуп, Испаниянын суперкубогун алды.
Интернеттеги жеткиликтүү маалымат базасы менен алектенген Gracenote компаниясы Месси "Барселона" клубундагы карьерасында өткөргөн 753 беттешинде биринчи ирет кызыл айып кагазын алып, оюндан четтетилгенин Twitter баракчасында белгиледи.
Маршруткалардын айдоочулары бүгүн, 18-январда, жол кирени 5 сомго көтөрүп 15 сом кылуу талабы менен иш таштай турганы айтылган. Ал арада айрымдары каттамга чыкпай койгону белгилүү болду.
Бишкек шаарынын милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев тарифти көтөрүүгө даяр экенин, бирок азыр дароо ишке ашыруу мүмкүн эместигин билдирди. Аны менен катар бүгүн жумушка чыкпай койгон маршруттук каттамдын лицензиясы алынып, башкаларга берилерин эскертти.
Бишкек аба кыймылын тейлөө борборунун 1-класстагы диспетчери Канат Төлөгөновдун бул тармакта иштегенине сегиз жылдын жүзү болду. Ал Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык колледжинде инструктор болуп, студенттерди авиадиспетчердик даярдыктан да өткөрөт. Каарманыбыз аталган кесипке даярдоо кандай жүрөрүнө, андагы көйгөйлөргө токтолду.
— Авиадиспетчер кесибин баары эле тандай бербейт. Бул кесиптин ээлерин арабызда сейрек кездештиребиз. Кантип диспетчер болуп калдыңыз?
— 12-апрель космонавттар күнү төрөлүп, атым Канат деп да коюлганы бул кесипти тандоомо кандайдыр бир түрткү болгон. Кичинемден бери космонавт болууну кыялдандым. Убакыттын өтүшү менен приоритеттер да өзгөрдү. Ошентип космонавтикага жакын авиация тармагын, анын ичинен авиадиспетчер кесибин тандадым. Биз аба кыймылын көзөмөлдөйбүз. Жеке мен аэродромдун аймагын көзөмөлдөп, учуп-конуу агымын карайм. Жоопкерчилик күч, алгачкы күндөрү үн титиреген учурлар болот.
— Бул профессияны тандагандар үчүн кандайдыр бир өзүнүн критерийлери болсо керек?
— Мен 2009-жылы Кыргыз авиациялык колледжине тапшырып, үч жыл билим алдым. Бир жылдай жумуш ордун күттүм. Азыр иштегениме сегиз жыл болду. Бизде тандоо өтө катаал. Начар окугандардын көпчүлүгү өздөрү иштөөдөн баш тартат, сынактардан, тандоодон өтпөй калышат. Алсак, мен окуган учурда 20 студент болсок, анын 10у гана өз кесиби менен иштеп жатат. Бул адистикке тапшырып жаткандар медициналык комиссиядан, кесиптик-психологиялык жарактуулук сынагынан (ВЛЭК) өтүшөт. Окуу жайды бүткөндөн соң англис тили боюнча сертификат алабыз. ICAO эл аралык уюмдун талабына жараша диспетчер тилди төртүнчү деңгээлде билиши керек. Андан кийин "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасына барып стажировкадан өтөбүз. Мына ошол жерден айдоочулук күбөлүк алгандай эле авиадиспетчерликти тастыктаган документ алабыз. Ансыз эч ким диспетчер болуп иштей албайт. Ал эки жылдык мөөнөткө берилип, улам жогорудагы айтылган талаптарды жаңылап турабыз.Жарым жыл сайын диспетчерлердин ден соолугун медициналык учуу боюнча эксперттик комиссия текшерип турат. Ар бир үч айда квалификацияны бекемдөө үчүн авиадиспетчердик симулятордон даярдыктан өтөбүз. Бизде бул кесипке Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда гана окутат. Ал эми айрымдары Алматыдагы академиядан, Красноярск, Санкт-Петербургдагы окуу жайлардан окуп келишет.
— Иштөө графигиңиз тууралуу айтып берсеңиз. Авиадиспетчердин жумуш күнү кандай башталып, кандай аяктайт?
— Биздин жумуш психоэмоционалдык жактан оор болгондуктан үч күн иштеп, үч күн эс алабыз. Мисалы, биринчи күнү эртең мененки нөөмөттө, эртеси күндүз, андан кийинкисинде түнкүсүн иштейм. Учактын санына жараша ар бир 1-2 саат сайын эс алып туруу зарыл. Бул үчүн атайын бөлмө бар. Инструктаж башталардан 15 мүнөт мурун жумушка келебиз. Бул убакытта адистер медициналык кароодон өтүп, пульс жана кан басым өлчөнөт. Алкоголго да текшерилет. Инструктаж учурунда учуулардын расписаниеси, аба ырайы, аэродромдун даярдыгы жана жабдыктардын техникалык абалы айтылат. Андан кийин нөөмөт кабыл алынат.
— Авиадиспетчерлердин жумуш ордун, иштөө процессин биз кинотасмалардан көрүп калабыз. Анда диспетчерлер учактар толук көрүнгөн мунарада отурушат. Экрандарынан самолёттордун учуу багыты көрсөтүлөт. Ал эми диспетчер болсо пилоттор менен сүйлөшүп, алдыдагы тоскоолдуктар жөнүндө айтып турат. Функцияңыз тууралуу дагы кененирээк айтып берсеңиз?
— Тасмаларда жалаң гана өзгөчө кырдаал, катастрофа болгон учурлар чагылдырылат эмеспи. Анда биздин жумуштун бир чети гана көрсөтүлөт. Биздин негизги максат — учактардын сүзүшүп кетишине жол бербөө. Андан тышкары, пилотторго туура, өз маалында маалымат беришибиз керек. Ал эми өзгөчө кырдаал болгон учурда экипажга жардам берип, бул тууралуу маалыматты тийиштүү тармакка жеткиришибиз керек. Мунарада отурган авиадиспетчерлерге учактар конуп-учкан аймак толук 360 градуста көрүнүп турат. Учак учуп кеткенден кийин локатордон маалымат алып иштеген диспетчерлер аба кемесинин бара жаткан жерине ийгиликтүү жетип алуусун камсыздайт.
— Интернетте диспетчерлер менен пилоттордун кырсыкка чейин сүйлөшкөн аудиожазуулары көп чыгат. Негизи сиздерде сүйлөшүүнүн өзүнчө эрежеси болот турбайбы.
— Биз көп учурда орус жана англис тилдеринде сүйлөшөбүз. Албетте, орусча бири-бирибизди жакшы түшүнөбүз. Англис жана немецтер таза англис тилинде сүйлөгөндүктөн кыйынчылык жаралбайт. Корей же кытай пилотторунун акценти болгондуктан кабыл алуу бир аз кыйыныраак. Биз бул адамдардын англис тилинде сүйлөгөн учурда акцентин да угуп, үйрөнүп чыгабыз. Ошону менен бирге ICAO эл аралык уюму пилот менен диспетчерлердин сүйлөшүүдө колдоно турган сөздөрүнүн тизмесин, фразаларын даярдаган. Түшүнбөстүк болбошу үчүн стандарттык кырдаалдарда ушул фразаларды колдонууга милдеттүүбүз.
— Жумуш учурунда өзгөчө кырдаалга кабылдыңыз беле?
— Мындай учурда ар бир диспетчер эмоцияга алдырбай документте жазылган талаптарды аткарышы керек. Экипажга туура маалымат берүү маанилүү. Жоопкерчилик өтө чоң. Эгер бир нерсе туура эмес болсо, териштирүү жүргүзүлүп, диспетчер жоопко тартылып, күнөөсү аныкталса соттолуп кетет. 2017-жылы Дача СУда учак кулаганда биздин нөөмөт болчу. Бирок анда мен пультта отурган эмес элем. Сиздерге маалым болгондой, диспетчерлер так иштегендиктен, иликтөө учурунда биздин кесиптештерге эч кандай доо коюлган эмес.
— Асманда тыгын болушу мүмкүнбү? Бир убакытта канча борт уча алат? Ар бир учактын ортосундагы интервал канча?
— Ар бир учактын ортосундагы аралыкты биз көзөмөлдөйбүз. Мисалы, бир эшелондо карама-каршы учкан самолёттун аралыгы 30 чакырым, бир багытта учкандардыкы 20 чакырым, ал эми вертикалдык алыстыгы 300 метр болушу зарыл. Ооба, самолёттордун дагы тыгыны болот. Бирок бул Европа мамлекеттеринде көп кездешет. Бизде кышында мындай абал болуп калышы мүмкүн. Кар жаап, туман түшкөндө аэродромду жаап, кардан тазалап даярдык көрөбүз. Бир учурда 4-5 учак келип калганда аларга кезек берип, биринчилерин кондуруп жатканда кийинкилери кезегин күтүп турушат. Күтүп турат дегеним учак бир жерде токтоп тура албайт да, ошондуктан күтүү зонасында айланып учуп турат же көпкө күтө тургандар майы аз болсо жакынкы аэропортко конот. Домодедово, Шереметьево аэропортторунда учак арбын болгондуктан ал жакта тыгын көп болот.
— Пилот авиадиспетчерлерди укпай койгон учурлар болобу?
— Эреже боюнча пилот диспетчердин сөзүн угуп, өзүм билемдикке салбашы керек. Айрым учурларда диспетчер коопсуздук аралыгын туура эмес айтып ката кетирип алса, учакта орнотулган аралыкты эсептеген жабдык TCAS сигнал берсе, пилот анда жабдыкты угушу керек. Кооптуу абалдан чыккандан кийин диспетчердин командасын аткарат.
— Учактарды артка кетирип салган көрүнүштөр болот экен…
— Албетте болот. Эгер учактын аба мейкиндигине кирүүгө уруксаты жок болсо, артка кетирүүгө туура келет. Бул кызматта алгач иштеп баштаганда көп ойлонгондуктан учактардын абада кагышкан учурлары түшкө кирчү. Убакыттын өтүшү менен жоопкерчиликке көнүп каласың. Жүздөгөн адамдын жашоосу бир нече адистен көз каранды болгондуктан авиадиспетчер кесиби жоопкерчилиги чоң жумуш болуп эсептелет.
— Канат, сиз авиация тармагында сегиз жылдан бери эмгектенип келе жатыптырсыз. Анын үстүнө студенттерди да даярдыктан өткөрүп келесиз. Адистерди даярдоодогу тоскоолдуктар барбы?