Талант Мамытов кыргызстандыктар жыл сайын бир адамдын, президенттин куттуктоосуна көнүп калганын айтып, бул жылы башкача болорун белгиледи.
"Өтүп бара жаткан жыл бурулуш жыл болду. Кыргызстандын эң чоң сыймыгы айкөл элибиз экенине күбө болдук. Өлкө башынан өткөргөн оор күндөрдө элибиз мамлекет жасай турган иштердин жеңилин жерден, оорун колдон алып тең бөлүштү. Мына ошондуктан кыргызстандыктарды жаңы жылы менен замандын каармандары дагы куттукташы керек деп эсептейм", — деди Мамытов.
Кыргызстандыктарды дарыгер, спортчу, тазалыкчы, активисттер майрамы менен куттукташты.
Россиялык мушкер казакстандык атаандашы Сергей Морозовду муунтуу ыкмасы менен утуп кетти. Беттеш 2-раундда соңуна чыкты.
Ал беттеш аяктаган соң агасы Хабиб дагы алгачкы жеңишин дал ушундай ыкма менен багындырганын эске салды.
"Мен бактылуумун. Тогуз жыл мурда бул рингге Хабиб кирип, дал мендей болуп утуп чыккан. Анын ыкмасын кайталаганыма кубанычтамын”, — деди ал.
Таймашка секундант катары катышкан Хабиб Нурмагомедов өзү инисиндей болуп экинчи эмес, үчүнчү гана раундда жеңгенин кошумчалады.
Гонконгдо автоматташтырылган чай бары ачылды. Андагы кызматкерлердин бардыгы роботтор. Бизнес ээсинин айтымында, мындай жол менен адамдардын байланышын азайтууга мүмкүндүк түзүлдү.
Robotea чай барынын кызматкерлерине айлык төлөөнүн кажети жок. Болгону электр энергиясы менен кубаттап туруу жетиштүү. Алар келген конокторго бийлеп да берип көңүл көтөрөт.