Мушкер көптөгөн жакшылыктарды, бакыт, сүйүү, ден соолук жана ийгиликтерди каалап, жаңы жылда баары өз орду менен болуп, кыялдар орундалышын тилеп өттү.
Андан соң Аяз атага кат жазып, почтага салган.
Шевченко менен кошо россиялык мушкер Арман Царукян жана грузиялык спортчу Лиана Джоджуанын куттуктоосу берилген.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Өзбекстандык мушкер Махмуд Мурадов UFC 257 мелдешинде америкалык Эндрю Санчезди техникалык нокаут менен утту.
محمود مرادوف يهزم أندرو سانشيز بالضربة الفنية القاضية في الجولة الثالثة .. #UFC257 pic.twitter.com/I4SPO4Ewwt
— UFC Arab (@UFC_Arabs) January 24, 2021
Орто салмактагы мушкерлер үч раунддук беттешке чыгышкан. Биринчи бөлүк лоу-кик, бири-бирине узатылган карама-каршы соккулар менен коштолду.
Бул Мурадовдун UFC промоушениндеги удаасы үчүнчү жеңиши. Жалпы карьерасында 26 жеңиши бар.
Конор Макгрегор менен Дастин Порье UFC 257 мелдешинин эң башкы беттешинде кармашат. Биз онлайн-репортаж уюштуруп жатабыз.
Сергей Лавров жана Питер Сийярто Будапешт 2 миллион дозада препарат ала турганын билдиришти. Венгрия россиялык вакцинаны өз аймагында колдонууга уруксат берген Евробиримдиктин алгачкы өлкөсү болуп жатат. Бул акыркы өлкө болбошу мүмкүн.
Коронавирус боюнча кырдаал Европада оор бойдон калууда. Ал жакта кызыл зона режими киргизилүүдө.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Лондондогу ханыша Мария атындагы университет менен Barts Health NHS фонду биргеликте изилдөө жүргүзүп, коронавирус ар кайсы этникалык топторго ар башкача таасир этерин аныкташты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Изилдөөгө курагы 16 жаштан жогорку 1500дөн ашык бейтап алынган. Алар беш башка ооруканада дарыланган. Ичинен 31 пайызы азиаттар, 20 пайызы афроамерикалыктар, 40 пайызы европалыктар болгон. Иликтөө башталгандан туура бир ай өткөндөн кийин аталган топко кирген оорулуулардын ичинен 29 пайызы каза болгону аныкталган.
Эксперимент маалында азия тектүүлөрдө интенсивдүү терапия бөлүмүнө түшүп, өпкөсүн жасалма түрдө желдетүүгө 1, 54 эсе көбүрөөк муктаж болору билинген. Ушундай эле өзгөчөлүктөрдү афроамерикалыктардан байкаса болот. Аларда бул көрсөткүч 1,8 эсеге жогору болгон.
Ошондой эле азиаттар менен кара терилүүлөр арасында дагы европалыктарга салыштырмалуу өлүм көбүрөөк катталган. Азиялыктарда 1,49 пайызга болсо, афроамерикалыктарда 1,3 пайызга жогору.Мындан тышкары, адистер ИВЛ-аппаратка жатып калуу тобокелдиги дагы жогоруда айтылган эки расада европа тектүүлөргө салыштырмалуу 50-80 пайызга жогору болгонун айтышкан.
Бирок окумуштуулар азырынча мунун себебин аныктай элек.