Ролик спорттук лиганын расмий ВКонтакте социалдык тармагындагы баракчасына жүктөлдү.
Кадрлардан алгач кытайлык Вейли Жанг польшалык Жоанна Енжейчик ага бир топ сөздү айтып жатканда англис тилинде акцент менен "оозуңду жап" деп айтканы көрсөтүлөт.
Андан кийин октагондо кезикпей калган россиялык чемпион Хабиб Нурмагомедов менен америкалык спортчу Тони Фергюсондун тиктеше айтышканы көрсөтүлөт. Анда ачуусу келген Хабиб атаандашынын UFC уюмунун утурумдук чемпиону болуп турганда тагынган курун тээп жиберген.Анын артынан эле Хабибдин эзелки атаандашы, ирландиялык мушкер Конор Макгрегор менен америкалык атлет Дональд Серроненин көз караштар таймашын өткөрүп, бири-бирине катуу айтып, сес көрсөтпөй, сый мамиле кылышканы көрсөтүлөт.
Дагы башка кадрлардан тиктешип жатып чабышып кеткен же өзгөчө образда кийинип келген белгилүү спортчуларды көрүүгө болот.
Маалыматка караганда, аталган клуб Кара-Балта шаарынын Карл Маркс жана Бейшеналиев көчөлөрүнүн кесилишинде "Лаванда" деген сулуулук салон катары иштеп жаткан.
Тинтүү учурунда атайын программалар менен камсыздалган компьютердик жабдуулар, акча каражаты жана башкалар табылган. Ошондой эле ичинде кумар оюндарын ойноп жаткан кардарлар отурган.
Аталган факт боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылды. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Россиялык мушкер казакстандык атаандашы Сергей Морозовду муунтуу ыкмасы менен утуп кетти. Беттеш 2-раундда соңуна чыкты.
Ал беттеш аяктаган соң агасы Хабиб дагы алгачкы жеңишин дал ушундай ыкма менен багындырганын эске салды.
"Мен бактылуумун. Тогуз жыл мурда бул рингге Хабиб кирип, дал мендей болуп утуп чыккан. Анын ыкмасын кайталаганыма кубанычтамын”, — деди ал.
Таймашка секундант катары катышкан Хабиб Нурмагомедов өзү инисиндей болуп экинчи эмес, үчүнчү гана раундда жеңгенин кошумчалады.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Италиялык "Ювентус" клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду расмий беттештерде киргизген голдорунун саны боюнча футбол тарыхында биринчи орунга чыкты. Бул тууралуу Р-Спорт жазды.
35 жаштагы спортчу кечээ Италиянын Суперкубогу үчүн "Наполи" менен оюнда гол киргизди. Беттеш 2:0 эсеби менен туриндиктердин пайдасына аяктаган.
Бул Роналдунун профессионалдык карьерасындагы клуб жана улуттук командасы үчүн киргизген 760-голу болду. Муну менен ал Австрия жана чехословакиялык футболчу Йозеф Бицандан ашып өттү. 1950-жылдары ойногон чабуулчу атаандаштарынын дарбазасына 759 ирет топ киргизген.