Жаңы жылдык жасалгалар аз жерден авиакырсыктын себепчиси боло жаздады. Видео

382
Асманда кандайдыр түшүнүксүз нерселер ага оролуп калгандыктан, аба кемеси сапарын уланта албай конууга аргасыз болгон.

Жаңы жылга караган түнү АКШдан Колумбияны көздөй учкан аба кемеси Калифорния штатындагы Эль-Дорадо аэропортуна авариялык абалда конууга аргасыз болду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Алгачкы маалыматтарда учактын абада кандайдыр бир нерселер менен кагылышканы конууга себеп болгону айтылган. Кийинчерээк авиакырсык аз жерден болбой калган окуя туурасында кенен маалымдашкан. Маалыматта учак жаңы жылдык балатынын жасалгалары менен оролуп калганы, ал тургай жылтырак, кооздогучтар кыймылдаткычка да кирип кетпей аз жерден калганы белгилүү болду.

Окуянын видеосун социалдык тармактарга жүктөгөн анын күбөлөрү бул окуяга жаңы жылдык жасалгалардын ээлерин айыпташкан.

382
Белгилер:
АКШ, кырсык, жасалга, Жаңы жыл, учак
Тема боюнча
Биринчи тепкенде эле жапты. Стюардессанын таң калтырган видеосу

Кудум мышыктай! Май үчүн бактын чокусуна чыккан түлкүнүн видеосу

4
My-Mriya Crimea Wildlife YouTube каналында чочконун майына (сала) жетиш үчүн ийилген жука бутактардын башына чыккан куу түлкүнүн видеосу жарыяланды.

"National Geographic Россия" басылмасы жазгандай, окуя Крымда болгон. Анда фотограф, блогерлердин үй-бүлөсү короосундагы бакка чымчыктар үчүн чочконун майынан бир тилим илип коюшкан. Бирок тамакты чымчыктарга "аш" кылбай түлкү жеп кеткен. Блогерлердин айтымында, мындай учур биринчи ирет кайталанбагандыктан, алар атайын камера коюп, түлкүнүн майды алып кеткен учурун видеого түшүрүп калышкан.

Анда көрүнүп тургандай, жырткыч бутактардын ичке экенине карабай башына чейин чыккан. Биринчи аракетинде көздөгөн тамагын ала алган эмес. Бирок экинчи ирет бактын башына кайра чыгып, акыры майды алып кеткен.

4
Белгилер:
видео, май, тамак, түлкү, Крым
Тема боюнча
Аппак коён кар кишинин мурдуна коюлган сабизди жеп кетти. Элжиреткен видео

UFC уюмунда өзбекстандык мушкер кубаттуу муштуму менен атаандашын "бийлетти". Видео

398
(жаңыланган 13:41 24.01.2021)
Махмуд Мурадов атаандашы Эндрю Санчезди ээк тушка бир коюп, ал термелип, кулабай араң калды. Өзбекстандык мушкер тизе менен дагы бир ирет тээп чабуулду улантканда калыс беттешти токтотту.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Өзбекстандык мушкер Махмуд Мурадов UFC 257 мелдешинде америкалык Эндрю Санчезди техникалык нокаут менен утту.

​Орто салмактагы мушкерлер үч раунддук беттешке чыгышкан. Биринчи бөлүк лоу-кик, бири-бирине узатылган карама-каршы соккулар менен коштолду.

Үчүнчү раундда Махмудов каршы чабуул жасап, оң муштуму менен Санчезди ээк тушка бир койду. Термелип, кулабай араң калган америкалыкты дагы бир топ тепкилеп жибергенде беттешти токтотту.

Бул Мурадовдун UFC промоушениндеги удаасы үчүнчү жеңиши. Жалпы карьерасында 26 жеңиши бар.

Конор Макгрегор менен Дастин Порье UFC 257 мелдешинин эң башкы беттешинде кармашат. Биз онлайн-репортаж уюштуруп жатабыз.

398
Белгилер:
жеңиш, нокаут, UFC
Тема боюнча
Эртең кармашат! UFC Макгрегордун укмуштуу нокауттарын бир видеого сыйдырды
UFC: Хабиб Нурмагомедовдун иниси алгачкы беттешинде атаандашын утуп алды. Видео