Бишкекти каптаган ыш Германиядагы эл аралык Deutsche Welle телерадиокомпаниясынын репортажындагы башкы тема болду.
Репортаж 28-декабрда эфирге чыккан. Анда Кыргызстандын баш калаасындагы кооптуу ыш жана абанын булганышы тууралуу айтылган.
Журналисттер Бишкек декабрь айында абанын булганганы боюнча эл аралык рейтингде кытайлык шаарлардан ашып өтүп, бир нече күн бою эң алдыңкы сапка чыкканын белгилешкен.
"Борбор Азиядагы бул шаарда болгону бир миллионго чукул киши бар. Шаар тургундарынын көпчүлүгү үйлөрүн кышында көмүр менен жылыткандыктан, шаар кышкысын бир нече жылдан бери ыш каптаган шартта күн кечирет. Коронавирус пандемиясы өлкө экономикасына катуу сокку урганы аз келгенсип, калыңдаган коюу түтүн түйшүк жаратып жаткандай", — дешет журналисттер.
Мындан сырткары, Бишкекке экологиялык өзгөчө кырдаал режимин киргизүү зарыл экени тууралуу пикир айтылды.
5-январь саат 15:30га карата абанын булганганы боюнча эл аралык рейтингде Бишкек экинчи орунга түштү. Борбордо абанын сапатынын көрсөткүчү (AQI) 288 бирдикти түзгөн. Тизменин сап башында Катманду турат (403 бирдик).
Daily Mail аял-күйөөсүн күтүүсүз коноктор "тосуп алгандыгын" жазды.
Алар бош үйүндөгү "конокторду" видеого тартып алышкан. Кадрдан айнек терезенин алдында жайбаракат күн чубактап жаткан алты арстанды көрүүгө болот.
Маалыматта үй улуттук Крюгер паркынын жанына жайгашып, Дэвиддин атасына тиешелүү экендиги жазылган. Адатта ал тегеректен ээн-эркин жүргөн жырткычтарды көп кездештирүүгө болот.
Там сатыкка коюлуп, бир нече мезгилден бери бош турган. Адам жыты келбегендиктен, жырткычтар ал жерди байырлай баштаган.
Sputnik агенттиги даярдаган даректүү тасма кырсыктын себептерин иликтөө боюнча документтин негизинде даярдалды. Ал кырсык тууралуу көп жазылды, бирок табышмак бойдон калган нерселер али да арбын.
Ошондой эле каргашада 39 адам каза болгону айтылат. Алардын 35и жергиликтүү тургундар болсо, төртөө — экипаждын мүчөсү. Анда эмне үчүн эстелик ташка 40 адамдын ысымы чегилген. Атургай кээ бирөөлөр 43 кишинин өлгөнүн айтышат. Анда аты айтылбаган төрт киши ким?
Бул суроолорго Sputnik даярдаган даректүү тасмадан жооп аласыз. Эгер даректүү тасмага убактыңыз тар болсо, анда видеоинфографиканы көрүңүз.
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Роспотребнадзор мекемесинин Эпидемиология институту COVID-19ду 60-90 мүнөттүн ичинде аныктап берчү тест-система иштеп чыкты. Бул тууралуу аталган институттун директору Василий Акимкиндин сөзүнө таянып РИА Новости жазды.
"Биз вирусту аныктоо убактысын үч-төрт эсеге кыскарта алдык. Мунун негизинде тест-система иштеп чыктык. Эффективдүүлүгү жагынан кадимки ПЦР-тесттерден калышпайт. Жакынкы күндөрү аны COVID-19дун Улуу Британияда табылган жаңы штаммын аныктап көрүү үчүн жөнөтөбүз", — деди Акимкин.
Окумуштуулар жугуу жагынан күчтүүрөөк деп айтылып жаткан жаңы штаммдарды тез аныктоону максат кылууда.
Ошондой эле адистер жаңы тест-система вирустун мутация болгонун же болбогонун дагы так көрсөтүп берерин кошумчалашты.