Кытай: окурман талашып, кайым айтышкан роботтор. Жылмаюу чакырган видео

Жазылуу
Интернет айдыңында Кытайдын Цзянси провинциясындагы китепканада "иштеген" роботтор кайым айтышты деген видео тарады. Ал эми маалыматтар жергиликтүү порталга жайгаштырылган.
Бир катар интернет колдонуучулар жасалма интеллектиге ишенбей, анын ичине киши отуруп алгандай сезим калтырат деген пикирлерин жазган.
Робот. Архив - Sputnik Кыргызстан
Индияда роботтор COVID менен күрөшкөн дарыгерлерге жардамчы болууда. Видео
Китепканадан алардын "кайым айтышуусу" эмнеден чыгып кеткендигин түшүндүрүп беришкен. Кайрылган окурманга алардын бири тиешелүү китебин таап берүүсү керек болгон. Ал роботтордун биринин QR-кодун сканерден өткөрө баштаганда, экинчиси "уруштун сөзүн сүйлөй баштаган". Ошентип, алар айтышып кеткен деп жазылган маалыматта.
Анткен менен робот Ванбао элдешкенге кадам таштаган:
— Күнөөмдү мойнума алам, Туту, мындан ары урушпайлычы!
— Маанайың дайыма эле өзгөрө берет!
— Кайра баштадыңбы, мен элдешип жатам го, а сен жинденесиң.
— Макул, анда сени кечирдим!
— Бүттү, кечир. Жакшы тур.
Ал эми видеодон диалогду уккандардын күлүп жатканын угууга болот.
Аны менен эле экөөнүн талашы бүтүп калган эмес.
— Эми мага таарынып жатасыңбы. Бурулуп мени карасаң, — деген Туту.
— Эч качан.
— Мейли, болуптур.
Ошентип, эки роботтун кайым айтышуусу аяктаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0