Ал — россиялыктарга, дегеле жаратылыштагы жан-жаныбарларга кайдыгер карабаган адамдарга жакшы тааныш Мансур аттуу аюу. Жырткычтын ээси анын кылыктарын, вольердеги жашоосун маал-маалы менен интернетке жарыялап турат.
Видеодон атайын тосулган аймакта кишилер алып кирип койгон ири таңгактуу чөптүн салмагы 200 килограммдан ашып, аны Мансур ары-бери тоголотконго аракет кылып жатканын көрүүгө болот.
Видеодогу россиялык аюу. Ал учурда Калуга облусундагы Орешково аэродромундагы вольерде жашайт. Facebook тармагындагы баракчасындагы маалыматта Мансур аттуу жырткычтын беш жашта экендиги, аны учкучтар өзүнүн камкордугуна алып багып келгендиги айтылат.
Мамалак кезинде белгисиз бирөөлөр аэродромго таштап кетип, аны Ил-14 учагын калыбына келтирүү менен алектенген авиаторлор багып алышкан.
Учурда Мансур жарым эркиндиктеги вольерде жашайт. Ага кам көрүп бүтүндөй бир команда иштесе, жырткычтын вольерине Андрей Иванов аттуу учкуч түзмө-түз кирип, карап турат.
Sputnik буга чейин да анын куруп койгон жыгач үйдүн тактайларын эрикпей бирден чыгарып жаны тынган аюунун видеосун жарыялаган.
Аскерлердин жүрүшүн жана парадды кабыл алган Ким Чен Ындын видеосун RT жарыялады.
Анда Кореянынын борбордук телеграф агенттиги жазгандай, суу алдында жайгашкан баллистикалык ракеталар — "дүйнөдөгү эң кубаттуу курал" көрсөтүлдү. Андан сырткары, тактикалык ракеталар менен өзү кыймылга келе турган артиллериялык техникалар да өттү. Асмандан тартылган видеодо төрт чарчы болуп ашык-кеми жок басып бара жаткан аскерлер да чагылдырган.
Эмдөө пандемиянын экинчи, "татаалыраак боло турган" жылынан сактап кала алабы? "Спутник V" менен кайсы чет өлкөлөрдө эмдөө башталды? Якутиялык окумуштуулардын кайыңдын кабыгынан жасалган препаратына таянсак болобу?
Бул суроолорго жоопту биздин видеодон көрсөңүз болот.
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Ишемби, 16-январда, күндүзү өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +11...+16, Талас жергесинде +13...+18, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +12...+17, Ысык-Көлдө +4...+9, ал эми Нарын аймагында -1...-6 градус болору айтылды.
Күндүн табы Бишкекте +13...+15, ал эми Ошто +15...+17 градусту көрсөтөт.