Осьминогдун денесинде ылдам, көз ачып-жумгуча кыймылга келтире турган сифон бар. Анын жардамы менен бул суу жандыктары тажатма балыктарды кууп, жаткан жериндеги кум менен майда таштарды тазалай алат. Андан сырткары, ургаачылары жумурткаларына да сифондун жардамы менен кам көрөт.
Австралиянын Жаңы Түштүк Уэльс аймагындагы экспедиция учурунда тартылган видеону адистер анализдеп чыгып, алар уруш учурунда да суу бүркүп, кайсы бир заттарды ордунан жылдырып, курал катары колдоно тургандыгын айтышкан.
Роботтун эки колу бар, ал кудум адамдыкына окшош. Текчеден тиешелүү азык-түлүктү өзү эле алып, кууруп, бышырып, ал тургай күйгүзүп жибербей аралаштырып да турат. Отту азайтып же керек болсо көбөйтөт.
Бир нерсе төгүлүп же чачылып кетсе, жыйнап да коёру маалым болду. Идиш-аякты кадимкидей жууйт.Түзүүчүлөр темир ашпозчунун эсине тамак-аш жасоонун беш миң ыкмасын киргизип коюшкан. Авторлор ээси тажап кетпеш үчүн кулинария китебин ай сайын жаңылап турууну пландап жаткандыктарын айтып беришкен.
Роботтун баасы учурда болжол менен 40,8 миң — 74,8 миң доллардын тегерегинде экендигин айтышты.
"Барселона" клубунун капитаны Лионель Месси бильбаолук "Атлетик" командасы менен Испаниянын суперкубогунун финалында орой оюну үчүн беттештен куулду. Бул тууралуу Р-Спорт маалымат булагы жазды.
Севильяда өткөн чечүүчү беттеште "Атлетик" 3:2 эсеби менен утуп, Испаниянын суперкубогун алды.
Интернеттеги жеткиликтүү маалымат базасы менен алектенген Gracenote компаниясы Месси "Барселона" клубундагы карьерасында өткөргөн 753 беттешинде биринчи ирет кызыл айып кагазын алып, оюндан четтетилгенин Twitter баракчасында белгиледи.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин өкмөт менен Мамлекеттик кеңештин профилдик комиссиясына мигранттарды курулуш тармагына жумушка алуу боюнча талаптарды жөнөкөйлөтүү талабын койду. Мамлекеттик кеңеш менен РФ президентинин алдындагы стратегиялык өнүгүү жана улуттук долбоорлор кеңешине берилген тапшырмалар жыйындысы Кремлдин сайтына жайгаштырылды.
Документте айтылганына караганда, кеп КМШга кирген айрым өлкөлөрдүн жарандары тууралуу болууда.
Мигранттар курулуш тармагына бардык санитардык талаптарды сактоо менен алынышы керек. Өкмөт бул боюнча өз сунуштарын 1-мартка чейин бермекчи.
"КМШнын айрым өлкөлөрүнүн жарандарын жумушка алууда COVID-19 инфекциясынын тарап кетишин алдын алуу үчүн бардык чаралар аткарылышы керек. Ошол эле учурда жумушка алуу жолдору жеңилдетилсин", — деп айтылат тапшырмада.
Жыйында Россиянын вице-премьери Марат Хуснуллин учурда курулуш тармагында жумушчу күч жетпей жаткандыктан, айрым долбоорлорду убагында бүтпөй калуу коркунучу бар экенин айтты. Ал эми Татарстандын президенти Рустам Минниханов Владимир Путинге ар кайсы объектилерге атайылап мигранттарды алып келүүнү сунуштады.