АКШнын борборундагы башаламандыктын видеосу RT телеканалынын Youtube каналына жарыяланды.
Башаламандык 7-январга караган түнү Бишкек убактысы боюнча болжол менен 03:30дарда башталган. Анда АКШнын азыркы президенти Дональд Трамптын тарапташтары Вашингтондогу Капитолий имаратын басып кирип, кийинчерээк ал жакта атышуу болгон. Манифестанттар конгресс залына сенат жыйын өткөрөрдүн алдында кирип барышкан. Сенат анда президенттик шайлоонун жыйынтыгын карамак, бирок башаламандыктан улам аны токтотууга туура келгени маалым болду.Тартип сакчылары көздөн жаш чыгарган газ жана кулак тундуруучу граната колдонуп, конгресс залын башаламандык уюштургандардан таңга жуук тазалаганы айтылды.
Акыркы маалыматтар боюнча, кагылышуудан төрт адам көз жумду. Учурда абал тынч экени кабарланып, конгресстин мүчөлөрү шайлоонун жыйынтыгын бүгүн чыгарууну пландап жатканы кошумчаланды.
"Барселона" клубунун капитаны Лионель Месси бильбаолук "Атлетик" командасы менен Испаниянын суперкубогунун финалында орой оюну үчүн беттештен куулду. Бул тууралуу Р-Спорт маалымат булагы жазды.
Севильяда өткөн чечүүчү беттеште "Атлетик" 3:2 эсеби менен утуп, Испаниянын суперкубогун алды.
Интернеттеги жеткиликтүү маалымат базасы менен алектенген Gracenote компаниясы Месси "Барселона" клубундагы карьерасында өткөргөн 753 беттешинде биринчи ирет кызыл айып кагазын алып, оюндан четтетилгенин Twitter баракчасында белгиледи.
Маршруткалардын айдоочулары бүгүн, 18-январда, жол кирени 5 сомго көтөрүп 15 сом кылуу талабы менен иш таштай турганы айтылган. Ал арада айрымдары каттамга чыкпай койгону белгилүү болду.
Бишкек шаарынын милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев тарифти көтөрүүгө даяр экенин, бирок азыр дароо ишке ашыруу мүмкүн эместигин билдирди. Аны менен катар бүгүн жумушка чыкпай койгон маршруттук каттамдын лицензиясы алынып, башкаларга берилерин эскертти.
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Бишкекте батирге уурулукка киргендердин кылыгы бөлмөнүн ичине орнотулган камерага түшүп калган. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Милиция камерага тартылган видеону жарыялады. Кадрдан үйдөгү буюмдарды сыртка ташып бараткан адамдарды көрүүгө болот.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
ИИБден билдиришкендей, 9-январь күнү кыргызстандык жаран арыз менен кайрылган. Ал 8-январь күнү саат 19:40та белгисиз адамдар анын Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги батирин ачып киргенин айткан.
Тергөөнүн жүрүшүндө эки шектүү кармалды. Экөө тең 39 жашта. Алар Ленин райондук сотунун чечими менен №1 тергөө абагына киргизилди. Уурдалган баалуу буюмдардын баасы такталып жатат.