Жерге жаткырып, кишен салып... Опузалап акча алды деген активисттерди кармаган видео

486
(жаңыланган 09:45 10.01.2021)
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети "Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылды деп шектелген эки жаранды колго түшүрдү. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.

8-январь күнү УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы "Кыргыз темир жолу" ишканасынын арызына ылайык, КР Жазык кодексинин 203-беренеси ("Опузалап талап кылуу") менен сотко чейинки өндүрүштү баштады.

Маалым болгондой, М.А. жана У.Д. аттуу жарандар укук коргоо органдары ишкананы текшерет жана жетекчилигине каршы митинг уюштурулат деп коркутууга алып, ишкананын башчыларынан 250 миң доллар талап кылышкан. Алар маселени оң жагына чечүү үчүн сураган каражатты бергени айтылат.

Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

486
Белгилер:
Кыргыз темир жолу, активист, УКМК
Тема боюнча
Опузалап акча талап кылды деген УКМК кызматкери иштен бошотулду
Финпол: опузалап акча талап кылды делген УКМК кызматкери кармалды
"УКМК кызматкеримин" деп ишкерден акча опузалагандар кармалды. Сүрөт

Тамак жасап, идиш жууган роботтун таң калтырган видеосу

31
CES 2021 деп аталган көргөзмөдө Moley Robotics компаниясы ашкана ишин кынтыксыз аткарган роботту элге тааныштырды. Анын кадимкидей эле тамак жасай аларын айтышты.

Роботтун эки колу бар, ал кудум адамдыкына окшош. Текчеден тиешелүү азык-түлүктү өзү эле алып, кууруп, бышырып, ал тургай күйгүзүп жибербей аралаштырып да турат. Отту азайтып же керек болсо көбөйтөт.

Бир нерсе төгүлүп же чачылып кетсе, жыйнап да коёру маалым болду. Идиш-аякты кадимкидей жууйт.

Түзүүчүлөр темир ашпозчунун эсине тамак-аш жасоонун беш миң ыкмасын киргизип коюшкан. Авторлор ээси тажап кетпеш үчүн кулинария китебин ай сайын жаңылап турууну пландап жаткандыктарын айтып беришкен.

Роботтун баасы учурда болжол менен 40,8 миң — 74,8 миң доллардын тегерегинде экендигин айтышты.

31
Белгилер:
кулинария, ашкана, тамак-аш, робот
Тема боюнча
Индияда роботтор COVID менен күрөшкөн дарыгерлерге жардамчы болууда. Видео

Атаандашын башка чапкан Месси биринчи жолу кызыл айып кагазын алды. Видео

581
Аргентиналык футболчу командалашына топту өткөрүп берип, чабуулду коштоп чуркаган. Бул учурда Асьер Вильялибр менен кагылыша кеткен.

"Барселона" клубунун капитаны Лионель Месси бильбаолук "Атлетик" командасы менен Испаниянын суперкубогунун финалында орой оюну үчүн беттештен куулду. Бул тууралуу Р-Спорт маалымат булагы жазды.

Чыр кошумча бөлүктүн экинчи, 15 мүнөттүк таймынын акыркы ирмемдеринде чыккан. Аргентиналык футболчу командалашына топту өткөрүп берип, чабуулду коштогону чуркаган. Бул учурда Асьер Вильялибр менен кагылышып, аны башка чаап, кулатып салган.

Севильяда өткөн чечүүчү беттеште "Атлетик" 3:2 эсеби менен утуп, Испаниянын суперкубогун алды.

Интернеттеги жеткиликтүү маалымат базасы менен алектенген Gracenote компаниясы Месси "Барселона" клубундагы карьерасында өткөргөн 753 беттешинде биринчи ирет кызыл айып кагазын алып, оюндан четтетилгенин Twitter баракчасында белгиледи.

581
Белгилер:
Испания, "Атлетико" командасы, Барселона ФК, Лионель Месси
Тема боюнча
Контрчабуулду куулук менен токтоткон швециялык футболчу жазаланды. Видео
Нуска китеп борборунун жетекчиси Анаркан Садыкулова

Садыкулова: кандай китеп окуурун билбеген жаштар көбөйдү

0
"Нуска" китеп борборунун жетекчиси Анаркан Садыкулова учурда жаштар арасында кандай темадагы китеп окуурун билбеген, жашоодогу багытын издегендер көбөйгөнүн айтты.
Садыкулова: кандай китеп окуурун билбеген жаштар көбөйдү

Эмне жөнүндө китеп окуй турганыңды жан дүйнөң менен сезип, билип турушуң керек. Бул абдан маанилүү. Мындай пикирин Анаркан Садыкулова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, китеп окуган адамдын акылы тунук, даражасы бийик, ой-чабыты кенен болот.

"Акыркы 30 жылды алсак, китептен такыр алыстагандар бар. Жаштар эле эмес улуу муундагы адамдар деле эмне окуурун билбейт. Мисалы, дүкөнгө кирип кандай темадагы чыгарма издеп жатканын билишпейт. Азыркы жашоо көбүнесе акчага байланып калды", — деди Садыкулова.

Ошондой эле жетекчи китеп окуу маданиятын калыптандыруу керектигин кошумчалады.

0
Белгилер:
бизнес, жаштар, билим, китеп, нускама
Тема боюнча
Министр: китептерде ката кетпеши үчүн "Окуу китеби" борбору ачылды