КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын байкоочулар миссиясы 10-январь күнү өтө турган президенттик шайлоого байкоочулук кылуу үчүн Кыргызстанга келишкен. Алар Жогорку Кеңештин төрагасы жана тышкы иштер министри менен жолугушту. Бүгүн алардын күнү Жеңиш аянтындагы Өчпөс отко гүл коюу менен башталды.
"Бул биздин тарых, бардык совет элинин тарыхы. Жакында эле Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу жеңиштин 75 жылдыгын белгиледик. Бул жагынан Бишкек четте калбаганын билем, байкашымча, Кыргызстанда Жеңиш майрамы өтө олуттуу майрамдалат", — деди КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын байкоочулар миссиясынын координатору Виктор Заварзин.
Президенттик шайлоо эртең, 10-январь күнү, өтөт.
Daily Mail аял-күйөөсүн күтүүсүз коноктор "тосуп алгандыгын" жазды.
Алар бош үйүндөгү "конокторду" видеого тартып алышкан. Кадрдан айнек терезенин алдында жайбаракат күн чубактап жаткан алты арстанды көрүүгө болот.
Маалыматта үй улуттук Крюгер паркынын жанына жайгашып, Дэвиддин атасына тиешелүү экендиги жазылган. Адатта ал тегеректен ээн-эркин жүргөн жырткычтарды көп кездештирүүгө болот.
Там сатыкка коюлуп, бир нече мезгилден бери бош турган. Адам жыты келбегендиктен, жырткычтар ал жерди байырлай баштаган.
Sputnik агенттиги даярдаган даректүү тасма кырсыктын себептерин иликтөө боюнча документтин негизинде даярдалды. Ал кырсык тууралуу көп жазылды, бирок табышмак бойдон калган нерселер али да арбын.
Ошондой эле каргашада 39 адам каза болгону айтылат. Алардын 35и жергиликтүү тургундар болсо, төртөө — экипаждын мүчөсү. Анда эмне үчүн эстелик ташка 40 адамдын ысымы чегилген. Атургай кээ бирөөлөр 43 кишинин өлгөнүн айтышат. Анда аты айтылбаган төрт киши ким?
Бул суроолорго Sputnik даярдаган даректүү тасмадан жооп аласыз. Эгер даректүү тасмага убактыңыз тар болсо, анда видеоинфографиканы көрүңүз.
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Россияда 2021-2022-окуу жылына бюджеттик окуу жайларга документтерди кабыл алуу жарыяланды. Бул тууралуу маалымат Россотрудничествонун расмий сайтына чыкты.
Документтерди кабыл алуу Россия өкмөтү кыргызстандыктар үчүн бекиткен квотага ылайык жүрөт. РФтин ЖОЖдорунан билим алууну каалагандарды тандоо түздөн-түз Россотрудничествонун КРдеги өкүлчүлүгү аркылуу өтүп, башка эч кандай жол, ортомчулук болбойт.
Окуу жайларга документтерди мектеп бүтүрүүчүлөрү да, орто окуу жайды аяктагандар да тапшыра алышат. Эгерде талапкер документин тапшырган учурда башка жакта билим алып жаткан болсо, анда баалары менен кошо академиялык справкасын алып келүүсү керек.
Документтерди кабыл алуу 2021-жылдын 20-январынан 20-февралына чейинки аралыкта бир гана EDUCATION IN RUSSIA сайтында жүргүзүлөт. Көрсөтүлгөн убакыттан кеч берилген документтер каралбайт.Каттоого алуу өтө кыска убакытта жүргүзүлөт. Ошондуктан документтерди алдын ала даярдоо зарыл. Аларды толтуруу боюнча консультация 2021-жылдын 26-январынан тарта аптасына эки жолу (шейшемби, бейшемби күндөрү) саат 17:00дөн 18:00гө чейин жүргүзүлөт.
Бардык документтерди электрондук түрдө (файлдар pdf форматында болушу зарыл, бир документ — бир файл, файлдын көлөмү 3 Мбайттан ашпашы талап кылынат) EDUCATION IN RUSSIA сайтына жүктөө керек. Ар бир файлдын аталышы (аты-жөнү жана документтин аталышы) болушу зарыл.
Сурап-билүү үчүн +996 (312) 300-512 телефону же abiturient@kgz.rs.gov.ru электрондук почтасы аркылуу кайрылууга болот.