Новиковдон шайлоо ал ойлоп жаткандай өтпөй калып, башка кандидат жеңип чыга турган болсо ишине таасирин тийгизер-тийгизбесин сурашкан.
"Менин тандоом башка жарандардыкы менен дал келет деп ишенем. Өкмөт менен бийлик институтунун иши шайлоо менен кайсы бир адамдан көз каранды болбошу керек. Өкмөт үйүндө кесипкөйлөр иштеши зарыл. Мамлекет түрдүү кырдаалдарга карабастан өнүгүп-өсөрүнө көзүм жетет", — деген өкмөт башчынын милдетин аткаруучу.
Андан кийин ким шайланып келсе да, кандай башкаруу формасы тандалса да иштөөгө даярсызбы деп сурашкан.
Эске салсак, Артем Новиков былтыр Садыр Жапаровдун өкмөтүнүн курамында биринчи вице-премьер болуп дайындалган. Жапаров кеткенден кийин убактылуу өкмөт башчы болуп калган.
Россиялык мушкер казакстандык атаандашы Сергей Морозовду муунтуу ыкмасы менен утуп кетти. Беттеш 2-раундда соңуна чыкты.
Ал беттеш аяктаган соң агасы Хабиб дагы алгачкы жеңишин дал ушундай ыкма менен багындырганын эске салды.
"Мен бактылуумун. Тогуз жыл мурда бул рингге Хабиб кирип, дал мендей болуп утуп чыккан. Анын ыкмасын кайталаганыма кубанычтамын”, — деди ал.
Таймашка секундант катары катышкан Хабиб Нурмагомедов өзү инисиндей болуп экинчи эмес, үчүнчү гана раундда жеңгенин кошумчалады.
Гонконгдо автоматташтырылган чай бары ачылды. Андагы кызматкерлердин бардыгы роботтор. Бизнес ээсинин айтымында, мындай жол менен адамдардын байланышын азайтууга мүмкүндүк түзүлдү.
Robotea чай барынын кызматкерлерине айлык төлөөнүн кажети жок. Болгону электр энергиясы менен кубаттап туруу жетиштүү. Алар келген конокторго бийлеп да берип көңүл көтөрөт.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Өлкө аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө болгонун ӨКМ Сейсмология институтуна таянып билдирди.
Жер титирөө кечээ, 20-январь күнү, саат 22:01де катталган.
Ал Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб, Мырза-Арык айылдарында 3 балл, Өзгөн шаарында 2 балл, Кара-Суу районунун Жаңы-Арык, Правда айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.