Анда Хабиб Нурмагомедов, Магомед Анкалаев, Исраэль Адесанья, Хоакин Бакли, Ян Блахович жана башкалардын атаандаштарын кулата соккон нокауттары, муунтуп, колу-бутун кайрып уткан ыкмалары камтылган.
National Geographic Россия бул туурасында жазды.
Алгач эне-антилопа ар тараптан, ал тургай асмандан улам келип аңдыган башка жаныбарлардан чүрпөсүн коргогонго аракет кылган.Энеси улам жер челип, бирде кабыланды, бирде каманды качырганы баары бир жыйынтыгын берген эмес.
Улам келип тап берген жырткычтар акыры анын музоосун алып кетип тынган.
Окуяны кызыктуу видеолорду дайыма жүктөп турган https://www.latestsightings.com/ аянтчасынын негиздөөчүсү 24 жаштагы Надав Оссендривер өзү тарткан.
Канзастын жаныбарлар коругунда аңчы мүйүздөрү менен бекем чырмалышкан эки эликти байкаган. Бул тууралуу Fox23 жарыялады.
Күбөлөрдүн айтымында, жаныбарлар сүзүшүп жатып мүйүздөрү кайчылашып, экөө такыр ажырай албай калган. Бири бошонууга аракет жасаса, экинчисин тартып кеткен. Аңчы жергиликтүү мергенчилик боюнча башкармалыкка кайрылып, токойчулар жардамга келишкен.
Алар аркан жана керектүү шаймандарды алып, аралыктан туруп эликтерди бири-биринен ажыратууга аракет жасашкан, бирок андан майнап чыккан эмес.Жефф Клоузер аттуу кызматкер жаныбарлар токойчулардан үркүп качпашы үчүн алардын мүйүзүнө төшөнчөнү ыргытып, көзүн жапкан. Эликтер качпай, бир саамга тыным алып калган учурда рейнжер бир ок менен кайчылашкан мүйүзгө таамай аткан.
Жаныбардын мүйүзүнүн учу сынып түшүп, алар чырмалышкан жеринен заматта бошонгон. Жаныбарлар октон жабыркаган эмес.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Кыргызстандын үч калысы Дүйнөлүк футбол федерациясынын (ФИФА) 2021-жылдагы тизмесине киргизилди. Бул тууралуу өлкөнүн футболдук союзунан кабарлашты.
Ата мекендик футбол адистери Медербек Тайчиев, Зайниддин Алимов жана Нурзат Аскат уулу алгачкы ирет аталган тизмеге алынган. Дүйнөлүк уюмда Кыргызстандан жалпысынан 17 калыс бар. Алардан алтоосу футбол калысы, сегизи жардамчы (каптал калысы) жана үч калыс футзалдан.
Сергей Грищенко, Исмаил Талипжанов, Замир Чыныбеков, Элдияр Салыбаев, Рамина Цой, Артем Скопинцев, Хусан Джалалдинов, Канат Мырсабеков реферинин жардамчысы болуп саналат.
Ал эми Нурдин Букуев, Чыңгыз Мустафаев жана Элдияр Келдибеков ФИФАнын футзал калыстарынын катарында.