Садыр Жапаровдун президенттик шайлоо боюнча маалымат жыйыны. Видео

224
(жаңыланган 23:43 10.01.2021)
Президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча, атаандаштарын артта калтырган Садыр Жапаров журналисттер үчүн маалымат жыйын курууда.

Президенттикке 17 киши ат салышкан. Садыр Жапаров алдын ала автоматтык эсептөөлөр боюнча шайлоочулардын 79,21 пайыз добушун алды. Президенттик шайлоо менен бирге башкаруу формасы аныктала турган референдум да өттү.

224
Белгилер:
түз эфир, маалымат жыйын, Садыр Жапаров
Тема:
Кыргызстандагы президенттик шайлоо – 2021 (189)
Тема боюнча
Атаандаштарын артта калтырган Садыр Жапаров тууралуу 14 факты
Президенттин инаугурациясы качан өтөт. БШКнын жообу

Тамак жасап, идиш жууган роботтун таң калтырган видеосу

17
CES 2021 деп аталган көргөзмөдө Moley Robotics компаниясы ашкана ишин кынтыксыз аткарган роботту элге тааныштырды. Анын кадимкидей эле тамак жасай аларын айтышты.

Роботтун эки колу бар, ал кудум адамдыкына окшош. Текчеден тиешелүү азык-түлүктү өзү эле алып, кууруп, бышырып, ал тургай күйгүзүп жибербей аралаштырып да турат. Отту азайтып же керек болсо көбөйтөт.

Бир нерсе төгүлүп же чачылып кетсе, жыйнап да коёру маалым болду. Идиш-аякты кадимкидей жууйт.

Түзүүчүлөр темир ашпозчунун эсине тамак-аш жасоонун беш миң ыкмасын киргизип коюшкан. Авторлор ээси тажап кетпеш үчүн кулинария китебин ай сайын жаңылап турууну пландап жаткандыктарын айтып беришкен.

Роботтун баасы учурда болжол менен 40,8 миң — 74,8 миң доллардын тегерегинде экендигин айтышты.

17
Белгилер:
кулинария, ашкана, тамак-аш, робот
Тема боюнча
Индияда роботтор COVID менен күрөшкөн дарыгерлерге жардамчы болууда. Видео

Атаандашын башка чапкан Месси биринчи жолу кызыл айып кагазын алды. Видео

567
Аргентиналык футболчу командалашына топту өткөрүп берип, чабуулду коштоп чуркаган. Бул учурда Асьер Вильялибр менен кагылыша кеткен.

"Барселона" клубунун капитаны Лионель Месси бильбаолук "Атлетик" командасы менен Испаниянын суперкубогунун финалында орой оюну үчүн беттештен куулду. Бул тууралуу Р-Спорт маалымат булагы жазды.

Чыр кошумча бөлүктүн экинчи, 15 мүнөттүк таймынын акыркы ирмемдеринде чыккан. Аргентиналык футболчу командалашына топту өткөрүп берип, чабуулду коштогону чуркаган. Бул учурда Асьер Вильялибр менен кагылышып, аны башка чаап, кулатып салган.

Севильяда өткөн чечүүчү беттеште "Атлетик" 3:2 эсеби менен утуп, Испаниянын суперкубогун алды.

Интернеттеги жеткиликтүү маалымат базасы менен алектенген Gracenote компаниясы Месси "Барселона" клубундагы карьерасында өткөргөн 753 беттешинде биринчи ирет кызыл айып кагазын алып, оюндан четтетилгенин Twitter баракчасында белгиледи.

567
Белгилер:
Испания, "Атлетико" командасы, Барселона ФК, Лионель Месси
Тема боюнча
Контрчабуулду куулук менен токтоткон швециялык футболчу жазаланды. Видео
Инвестицияны илгерилетүү жана коргоо агенттигинин инвестициялык потенциалды өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Илимбек Абдиев

Абдиев: Жерүй боюнча инвестор менен калктын ортосунда диалог болду

0
(жаңыланган 10:55 19.01.2021)
Инвестицияны илгерилетүү жана коргоо агенттигинин инвестициялык потенциалды өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Илимбек Абдиев Жерүй кенинде жаңжалдын чыгуусуна эмне себеп болгонун айтып берди.
Абдиев: Жерүй боюнча инвестор менен калктын ортосунда диалог болду

Жерүйдө чатакка жергиликтүү калктын жумушсуздугу, социалдык-экономикалык абал себеп. Бул тууралуу Илимбек Абдиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, шайлоодон кийин инвестициялык климат жакшы жагына өзгөрүп жатканы байкалууда.

"Жерүйдө чатактын чыгуусуна жергиликтүү калктын жумушсуздугу, социалдык-экономикалык абал себеп болууда. Ошондой эле жергиликтүү тургундардын арасында колдогондор жана колдобогондор болуп, бөлүнүү бар экен. Мындан ары тирешүүнүн уланбашы үчүн инвестор менен калктын ортосунда диалог уюштурулду. Жергиликтүү тургундардын арасынан экология жаатында адистер бар болсо, тизмесин түзүү, бирдиктүү талаптарды коюу сунушталды. Тийиштүү маалыматтар Жерүйдүн жетекчилигине да, өкмөткө да жеткирилди", — деди Абдиев.

Ошондой эле ал облуста кээ бир социалдык объектилердин курулушуна каражат бөлүнсө да айрым себептерден улам бүткөрүлбөй турганын кошумчалады.

0
Белгилер:
калк, инвестор, ишкерлик
Тема боюнча
Кыргызстанга кандай инвестициялар тартыла турганы айтылды