Эч кимге карызым жок. Жапаров "Биримдик", "Мекеним Кыргызстан" тууралуу. Видео

1549
(жаңыланган 01:37 11.01.2021)
Шайлоонун жыйынтыгы менен алдыда бараткан талапкер Садыр Жапаров анын штабына кошулган башка партиянын өкүлдөрү өзүнүн жана өлкө келечеги үчүн иштегенин айтты.

Sputnik Кыргызстандын кабарчысы мурда "Биримдик", "Мекеним Кыргызстан" партиясында иштегендердин дээрлик көпчүлүгү Жапаровдун штабында кызмат кылганын айтып, "экс-президент Сооронбай Жээнбековдун тагдырын кайталап калам деп коркпойсузбу?" деген суроо узатты.

"Жок, антип коркпойм. Анткени эч кимдин алдында милдеттенме алган жокмун. "Биримдикпи", "Мекеним Кыргызстанбы" же "Мекенчилби" мени жакшы келечектен үмүт кылып алып келди. Ар ким өзүнүн кызыкчылыгы, мамлекеттин жана бала-чакасынын келечеги үчүн иштеди. Алар мени көз каранды кылып алайын деп бийликке алып келген жок. Ошондуктан мен алардын алдында милдеттенме албайм, алган да эмесмин. Мен болгону мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштейм", — деди Жапаров.

Бүгүн президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча эң көп добуш алган талапкер Садыр Жапаров штабында билдирүү жасап, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

1549
Белгилер:
БШК, президенттик шайлоо, маалымат жыйын, Садыр Жапаров
Тема:
Кыргызстандагы президенттик шайлоо – 2021 (191)
Тема боюнча
Садыр Жапаров: Россия Кыргызстандын башкы өнөктөшү бойдон калат
Жапаров абакта күнөөсүз отургандарга дагы ырайым берилиши керектигин айтты
Жылмайган, ойлонгон Садыр Жапаров. Шайлоодо алдыда келе жаткан саясатчынын сүрөттөрү
Садыр Жапаров: бир туугандарым коррупцияга аралашса жазага тартылат

UFC: Хабиб Нурмагомедовдун иниси алгачкы беттешинде атаандашын утуп алды. Видео

159
(жаңыланган 01:41 21.01.2021)
Россиялык мушкер казакстандык атаандашы Сергей Морозовду муунтуу ыкмасы менен жеңип алды. Беттеш 2-раундда соңуна чыкты.

Хабиб Нурмагомедовдун тууганы Умар UFC турнириндеги алгачкы беттешинде жеңишке жетишти.

Россиялык мушкер казакстандык атаандашы Сергей Морозовду муунтуу ыкмасы менен утуп кетти. Беттеш 2-раундда соңуна чыкты.

Ал беттеш аяктаган соң агасы Хабиб дагы алгачкы жеңишин дал ушундай ыкма менен багындырганын эске салды.

"Мен бактылуумун. Тогуз жыл мурда бул рингге Хабиб кирип, дал мендей болуп утуп чыккан. Анын ыкмасын кайталаганыма кубанычтамын”, — деди ал.

Таймашка секундант катары катышкан Хабиб Нурмагомедов өзү инисиндей болуп экинчи эмес, үчүнчү гана раундда жеңгенин кошумчалады.

159
Белгилер:
бир тууган, UFC, Хабиб Нурмагомедов
Тема боюнча
Чыканак менен башка уруп... Соңку UFC турниринин кызыктуу учурлары видеодо
Макгрегордун Нурмагомедов менен кармашканга чейинки жана андан кийинки видеосу

Гонконгдо пандемиядан улам робот-бармендер иштей баштады. Видео

38
(жаңыланган 22:09 20.01.2021)
Коронавируска байланыштуу түрдүү сферада өзгөрүүлөр болуп жатат. Айрым жерлерде буга чейин ойго келбеген нерселер ишке ашууда, мисалга робот-бармендерди айтсак болот.

Гонконгдо автоматташтырылган чай бары ачылды. Андагы кызматкерлердин бардыгы роботтор. Бизнес ээсинин айтымында, мындай жол менен адамдардын байланышын азайтууга мүмкүндүк түзүлдү.

Robotea чай барынын кызматкерлерине айлык төлөөнүн кажети жок. Болгону электр энергиясы менен кубаттап туруу жетиштүү. Алар келген конокторго бийлеп да берип көңүл көтөрөт.

38
Белгилер:
коронавирус, робот, Гонконг
Тема боюнча
Тамак жасап, идиш жууган роботтун таң калтырган видеосу
Ала-Тоо аянтында жүргөн милиция кызматкерлери. Архивдик сүрөт

Бишкектин борборунда милиция кызматкерлери адаттагыдан көп. Себеби

0
(жаңыланган 10:39 21.01.2021)
Sputnik Кыргызстан агенттигинин окурмандары эмне себептен борбордук аянтта жана көчөлөрдө милиция кызматкерлери чогулуп калганын сурашкан.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Бишкектин кайгуул милициясынын маалымат кызматы ордо калаанын чок ортосунда эмне себептен таң эрте милиция кызматкерлери көп экенин түшүндүрдү.

Буга чейин окурмандар "Ала-Тоо" аянтындагы автоунаалар тазаланып, кайгуул милициялары борбордук көчөлөрдө, анын ичинде Чүй проспектисинде көп турганы боюнча суроо узатышкан.

Кайгуул милициясынын маалымат кызматы билдиргендей, мекеме жакында боло турган президенттин инаугурациясына даярдык көрүп жатат жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууда.

Маалым болгондой, бул иш-чарада "Ала-Тоо" аянтын тосуу пландалган жок.

20-январь күнү БШК президенттик шайлоонун жыйынтыгын айтып, анда Садыр Жапаров жеңгенин кабарлаган. Жапаров шайлоочулар добушунун 79,2 пайызын алган.

Кийинчерээк президенттин инаугурациясы 28-январь күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда өтө турганы айтылган.

0
Белгилер:
окурман, Кайгуул милициясы, Ала-Тоо аянты, жол, Бишкек
Тема боюнча
Бишкек милициясы иш таштаган маршрутка айдоочуларына кайрылды
Мектептер ачылат, балдарга аяр мамиле жасагыла! Милиция айдоочуларга эскертти