Россиялык препарат дагы кайсы жерде тез убакытта катталды? Bloomberg аналитиги вакцинага кандай баа берди? Бул препараттар коронавирустун британиялык штаммынан коргой алабы? Ушул жана башка суроолордун баарына жоопту биздин видеодон ала аласыз.
Россиялык мушкер казакстандык атаандашы Сергей Морозовду муунтуу ыкмасы менен утуп кетти. Беттеш 2-раундда соңуна чыкты.
Ал беттеш аяктаган соң агасы Хабиб дагы алгачкы жеңишин дал ушундай ыкма менен багындырганын эске салды.
"Мен бактылуумун. Тогуз жыл мурда бул рингге Хабиб кирип, дал мендей болуп утуп чыккан. Анын ыкмасын кайталаганыма кубанычтамын”, — деди ал.
Таймашка секундант катары катышкан Хабиб Нурмагомедов өзү инисиндей болуп экинчи эмес, үчүнчү гана раундда жеңгенин кошумчалады.
Гонконгдо автоматташтырылган чай бары ачылды. Андагы кызматкерлердин бардыгы роботтор. Бизнес ээсинин айтымында, мындай жол менен адамдардын байланышын азайтууга мүмкүндүк түзүлдү.
Robotea чай барынын кызматкерлерине айлык төлөөнүн кажети жок. Болгону электр энергиясы менен кубаттап туруу жетиштүү. Алар келген конокторго бийлеп да берип көңүл көтөрөт.