RT телеканалы окуянын чоо-жайын жазды.
Ал эми интернетке тараган видеодон поезд келе жаткан учурда баланын рельске кулап кеткен учурун көрүүгө болот.
Поезддин машинисти составды токтото калып, баланы рельстердин арасынан сууруп чыккан. Маалыматта тестиердин ооруканага жеткирилгендиги айтылды.
Маалыматка караганда, аталган клуб Кара-Балта шаарынын Карл Маркс жана Бейшеналиев көчөлөрүнүн кесилишинде "Лаванда" деген сулуулук салон катары иштеп жаткан.
Тинтүү учурунда атайын программалар менен камсыздалган компьютердик жабдуулар, акча каражаты жана башкалар табылган. Ошондой эле ичинде кумар оюндарын ойноп жаткан кардарлар отурган.
Аталган факт боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылды. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Россиялык мушкер казакстандык атаандашы Сергей Морозовду муунтуу ыкмасы менен утуп кетти. Беттеш 2-раундда соңуна чыкты.
Ал беттеш аяктаган соң агасы Хабиб дагы алгачкы жеңишин дал ушундай ыкма менен багындырганын эске салды.
"Мен бактылуумун. Тогуз жыл мурда бул рингге Хабиб кирип, дал мендей болуп утуп чыккан. Анын ыкмасын кайталаганыма кубанычтамын”, — деди ал.
Таймашка секундант катары катышкан Хабиб Нурмагомедов өзү инисиндей болуп экинчи эмес, үчүнчү гана раундда жеңгенин кошумчалады.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Аралыктан окуган студенттер окуу акысын арзандатуу талабын коюуга укуктуу. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Айгерим Бешимбаева билдирди.
Эл өкүлү мындай норма "Билим берүү жөнүндө" мыйзамдын 30-беренесинин 6-абзацында жазылып турганын айтты.
Анда "Жогорку кесиптик билим берүүнүн алкагында сырттан окуу формасын, дистанциялык билим берүү технологияларын пайдаланган билим берүү уюмдарында окугандар Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте берилүүчү кошумча жеңилдиктерди алууга укуктуу" деп жазылган.
"Өкмөттүн өкүлү, сиздерден ушул беренеге ылайык студенттерге жардам көрсөтүүнү суранам. Азыр 3000 студент окуу акысын арзандатуу боюнча талап кылып жатат. Анткени карантин учурунда көп ата-энелер жумушсуз калышкан. Студенттер өздөрү иштей алган жок. Көбү коомдук тамактануу жайларында иштешкен", — деди Бешимбаева.
Белгилей кетсек, көпчүлүк студенттер окуу акысын төмөндөтүү талабын коюп келишет. Бирок Билим берүү жана илим министрлиги окуу процесси аралыктан жүргөнү менен ЖОЖдордо чыгымдар азайбаганын жүйө келтирип, https://sputnik.kg/society/20210113/1051091501/studentterdin-okuu-akysy-ministrlik.html жеңилдик берүүдөн баш тартууда.