Чекистке пара берип кармалган Соцфонддун Таластагы жетекчиси. УКМКнын видеосу

Жазылуу
Чекисттерге пара берүүгө шектелген Социалдык фонддун Талас облусу боюнча башкармалыгынын жетекчисин кармоо учурунан тартылган видеону УКМК жарыялады.
Кара-Суу районундагы Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов. Архив - Sputnik Кыргызстан
УКМК Райым Матраимовдун өкүл баласы Мунарбек Сайпидиновду кармады
УКМКнын маалыматына ылайык, Ы. И. С. аттуу жетекчи Талас облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлерине командировка акысы катары бюджеттен бөлүнгөн акчаны менчиктеп алуу фактысы боюнча ачылган кылмыш ишин токтотуу үчүн УКМКнын кызматкерине 70 миң сом сунуштаганы аныкталган.
Шектүү Талас облустук милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0