Латвия бийлиги орус тилдүү журналисттерди кармоо менен жарандарды коркутуп коюуну көздөп жатат. Бул тууралуу репортер жана коомдук ишмер Владимир Лидерман билдирди.
Ал Russia Today маалымат булагына #Своихнебросаем долбоорунун алкагында интервью берген. Лидерман Baltnews.lv жана Sputnik Латвия менен кызматташып келет.
2020-жылдын 3-декабрында Латвия бийлиги Лидерман менен кошо бир нече орус тилдүү журналисттерди кармап, үйлөрүн тинтүүгө алган. Бул өлкөнүн атайын кызматы корреспонденттер Евробиримдиктин санкцияларын бузганын айтууда. Бирок чектөөлөр "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин башкы директору Дмитрий Киселевго гана тийиштүү болчу.
Журналисттин айтымында, ал күнү эшигин тыкылдаткан бейтааныш адамдар өздөрүн сантехник катары тааныштырган. Эшик ачылганда 12 киши кирип келип тинтүү ишин баштаган. Алар үйдү төрт саат бою аңтарып-теңтерип, документтерди, электрондук маалымат алып жүрүүчү каражаттарды жана уюлдук аппарат менен компьютерди алып кетишкен.Лидермандын пикиринде, мындай аракеттер журналисттерди россиялык ЖМКлар менен иштөөдөн баш тарттыруу үчүн коркутуу үчүн пайдаланып жатышат.
Эске салсак, Латвия орус тилдүү жети журналистке эл аралык "Россия сегодня" агенттиги менен кызматташкандыгы үчүн кылмыш ишин козгогон. RT декабрдын башында Sputnik Латвия менен Baltnews.lv агенттиктеринин журналисттеринин үйү тинтүүгө алынып, суракка чакырылганын белгиледи.
Россиянын Тышкы иштер министрлиги мындай көрүнүштү демократиляк коомчулуктун негиздеринин тепселениши катары баалады. ТИМ Литва менен Эстонияда дагы россиялык ЖМКлар куугунтукталганын эске салды.
2019-жылы Литванын парламенти Sputnik Литва сайтын жаап салууга чакырган. Ал эми сайттын башкы редактору кармалып, өлкөдөн беш жылга куулган. Эстонияда болсо Sputnik агенттигинин журналисттерин иштен кетүүгө мажбурлашкан. Эгер талап аткарылбаса, аларга кылмыш иши козголмой болгон.
Учурулган "өрдөктөргө" таянсак, Трамп ал күнү Владимир Путин менен телефондон сүйлөшкөн. Клинтондун буга далили барбы? АКШ эмне үчүн кайрадан өзүнүн ички көйгөйлөрүнүн себебин тыштан издейт? Америкалык миллиардерди саясий жактан анча жактыра бербеген Клинтонду эмнеге "өчөшкөн айым" деп аташты? Жоопту видеодон көрүңүз.
Маалыматка караганда, аталган клуб Кара-Балта шаарынын Карл Маркс жана Бейшеналиев көчөлөрүнүн кесилишинде "Лаванда" деген сулуулук салон катары иштеп жаткан.
Тинтүү учурунда атайын программалар менен камсыздалган компьютердик жабдуулар, акча каражаты жана башкалар табылган. Ошондой эле ичинде кумар оюндарын ойноп жаткан кардарлар отурган.
Аталган факт боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылды. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Кошмо Штаттар "Түндүк агым – 2нин" курулушуна катышып жаткан россиялык "Фортуна" түтүк коюучу ишканага каршы санкцияларды киргизген. Ошондой эле, германиялык ЖМКлардын маалыматы боюнча, Берлиндеги америкалык элчилик ФРГ өкмөтүн жаңы чектөө чаралары боюнча пландарынан кабарлаган.
Немец бийлиги муну "өкүнүү менен кабыл алып", башка билдирүү жасаган жок. Бул андан мурун болгон маанилүү окуянын ажырагыс уландысы болуп калды. Бул жагдайга Ирина Алкснис сереп салган.
АКШ мамлекеттик катчысынын мурдагы орун басары жана шайлоодо Жо Байдендин тышкы саясат боюнча кеңешчиси Николас Бернс газ түтүгүнө каршы жана анын курулушун токтотууга америкалык санкцияларды бир убакта тоңдурууну демилгелеген. Анткени жаңы администрация "Германия өкмөтү жана долбоорго катышкан башка өлкөлөр ортосунда ишеним жана эстүүлүк менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүнө" ээ болушу кажет. Бернс мында жеке демилгесин эмес, Вашингтондун сунушун ортого салганы айдан ачык. Бирок немецтер ага кол шилтеп койду. Бундестагдын энергетика боюнча комитетинин жетекчиси Клаус Эрнст германиялык энергетикалык саясатты Кошмо Штаттар менен талкуулоону "таптакыр орунсуз" деп атады. "Түндүк агым – 2нин" курулушу Европанын жеке иши, бардык зарыл уруксатын алган, ошондуктан аягына тез чыгарылууга тийиш" экенин баса белгиледи.Демократтар соңку он жылдыктардагы америкалык тышкы, көбүнесе глобалисттик деп мүнөздөлгөн саясатты кайрадан жандандырууга ниеткер. Ортодо Дональд Трамптын президенттик мөөнөтү аны үзгүлтүккө учураткан. Ал бирдей деңгээлдеги эки маанилүү — процедуралык-институционалдык жана идеологиялык курамга ээ.
Идеологияга ЛГБТ-прогрессинен тарта экологияны эсепке алуу менен адамзаттын этти пайдалануудан баш тартуусуна чейинки эң либералдык-алдыңкы демилгелердин көлөмдүү комплекси жооп берет. Институционалдык бөлүгү да коомго жакшы тааныш, улут үстүндөгү уюм, документ жана процедуралардын системасы болуп саналат.
Мындай негизде АКШ дүйнөгө өзүнө пайдалуу шарттарды таңуулоо жана глобалдык лидерлигин биротоло аныктоо үчүн өз үстөмдүгүн бир топ жыл бекемдеп келген деген пикир кеңири тараган. Бир нерсе туура эмес нук алганы эбак түшүнүктүү болгон. Ойноп жана өздөрүнө карата адилетсиз системада утуп чыгууну өздөштүрүп алышкан өлкөлөрдүн саны улам арбып барат.
Россия жана анын Дүйнөлүк соода уюмунун эрежелерин өз пайдасына ийгиликтүү колдонушу – мунун өзгөчөлүгү эмес, көрүнүктүү үлгүсү. Кошмо Штаттарын көптөгөн эл аралык келишим жана уюмдардан эч буйдалбастан чыгаруу менен Дональд Трамп ушул нерсени төрт жыл бою бышыктап келди. Чындыгында ошол келишимдер Америкага түк пайдасыз.
АКШнын аз сандагы артыкчылыктуу өнөктөштөрү, алардын бири – Германия, өзгөчө бонустарга ээ экенин болжоо кыйын деле эмес. Андан эптүүлүк менен пайдаланууну да жакшы билишери айдан ачык.
Дал ушул себептен чындыкты түз айткан, Германиянын өз суверенитетин акырындап, тынч калыбына келтирүүнүн ыраатка салынган схемасын талкалаган жана Американы өз кызыкчылыгына пайдаланышына жол бербеген Трамп Берлинге ыңгайсыз эле. Дал ушул себептен ФРГ бийлиги Байдендин АКШнын жаңы президенти катары келишин эргүү менен кабылдады. Бул пропагандисттик жана жайбаракат кулуардык-лоббисттик саясий процесс менен толук айкалышкан, анын шарапатында Германияга пайдалуу күн тартибин, немецтер үчүн ыңгайлуу форматтагы алакаларды кайтарууну убадалайт."Түндүк агым— 2" долбоорунда азыр дал ошондой көрүнүш. Акыркы айларда океадын ары жагынан киргизилген санкциялар газ түтүгүн курулушунун коопсуздугун болушунча камсыздоо үчүн кадамдар жасалган. Ошол эле "Фортуна" ишканасынын кожоюндары алмашты. Мекленбург — Алдыңкы Померания жеринин парламенти тарабынан долбоордун операциялык ишмердигин илгерилете турган фонд түзүлгөн.
Эң кызыгы, бул түзүм аркылуу немец бийлиги "бир ок менен эки коенду аткысы" бар. Курулуштун өзүн колдоодон тышкары аларга маалыматтык-идеологиялык коштоо камсыз кылынат. Жаңы уюм "Мекленбург — Алдыңкы Померания жеринин климатын жана айлана-чөйрөсүн коргоо" фонду деп аталгандыктан, расмий максатына ылайык, "Германиянын климаттык максаттарына жетүүсүнө" көмөктөшмөкчү. Муну менен экологиялык күн тартиби да колго алынат, себеби өлкө ичинде дал жашылдар тарабынан "Түндүк агым – 2ге" чабуул коюлуп келет эмеспи.
Иштин кадыресе эле ыкмалары кулуардык өз ара жана басымды акырындап күчөтүү менен эки айга созулчудай. Немецтер эл аралык-бюрократиялык машакатты жаратууда өтө эпчил келишет. Ал убакка чейин "Түндүк агым – 2" курулушу аяктап, ал эми америкалыктар "жоо кеткен соң кылычыңды ташка чап" абалында калышат. Натыйжада Жо Байден президенттик кызматка киришкен күндөн тарта жаңы администрация өз ишинде кабыл алынгыс трампизм менен идеологиялык жактан туура, бирок таптакыр майнапсыз либералдык глобализмдин бирин тандап алууга аргасыз болот. Анткен менен Германиянын да өз кыйынчылыктары бар. Кечээ жакында эле "Газпром" саясий кысымдардан улам долбоордун токтоп калышына же ал тургай жокко чыгарылышына алып келчү тобокелдиктер жөнүндө эскертти. Эң оболу бул көз карандысыздыкка жана геосаясий жактан күчтөнүүгө умтулууда антироссиялык карта ойноону (Навальныйдын ууланышы түрүндө) туура тапкан Берлинге тишелүү. Бул кадамы менен ал Россия мындай нерсеге катуу жооп берерин дагы унуткан өңдүү...