Асманды "жара бөлгөн" табышмактуу нур. Мурманскиде тартылган видео

Жазылуу
Россиянын Мурманск облусунун аймагында жаратылыштын өзгөчө көрүнүшү — түндүк жаркырактын жаңы эле тартылган учуру дүйнөлүк желеге тарады.
Видео аталган аймактын Пушное айылында тартылган. Анда асманды ар кыл түскө боеп чубалып, ар кыл формага өткөн жашыл жаркыракты көрүүгө болот. Аягында ал өңдөр ак түскө өтүп кеткенин көрөбүз.
Aurora Borealis — түндүк жаркырагы Күндүн ысык илеби менен дүрмөттөлгөн бөлүкчөлөр Жердин атмосферасына келип, аны магниттик уюл өзүн көздөй тартканда пайда болот. Ал эми адамды башкача бир сезимге бөлөгөн ар кыл түстөрү анын химиялык курамына жараша экени айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0