Бишкекте кыздар жашаган батирге кирип барып, коркутуп тоноп кеткен кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Окуя 1-январь күнү болжол менен саат 17:00дө болгон.
"Белгисиз адамдар жаш кыздар жашаган батирге кирип келип, күч колдонуп коркутушкан. Алардан акча жана баалуу буюмдарды талап кылып, эки уюлдук телефонун тартып алышкан. Мындан тышкары, бирөөсүнүн банктык картасын тартып алып, жакынкы банкоматка акча чыгарганы жөнөгөн. Бул маалда уурунун экинчиси кыздарды камап отурган", — деп айтылат маалыматта.
Шектүүлөр картадан бардык акчаларды алгандан кийин кетип калышкан. Жабырлануучулар кошуналарын жардамга чакырышкан. Алар каракчылык менен кол салуудан 93 миң сомго жакын чыгымга учурашканы белгилүү болду.
"5-январда Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери Бишкек ШИИББдин атайын операциялар отряды менен чогуу автобекеттердин биринен тоноо жана карактоо менен алектенген топту кармады. Алар Нарын облусунун 25 жана 32 жаштагы тургундары болуп чыкты. Учурда эки айга камакка алынып, дагы бир шектүү изделип жатат", — деп жазылган билдирмеде.
Сотко чейинки өндүрүш уланууда. Ушул эле кылмыштуу топтун башка дагы кылмыштарга тиешеси бар-жогу териштирилип жатат.
Маалыматка караганда, аталган клуб Кара-Балта шаарынын Карл Маркс жана Бейшеналиев көчөлөрүнүн кесилишинде "Лаванда" деген сулуулук салон катары иштеп жаткан.
Тинтүү учурунда атайын программалар менен камсыздалган компьютердик жабдуулар, акча каражаты жана башкалар табылган. Ошондой эле ичинде кумар оюндарын ойноп жаткан кардарлар отурган.
Аталган факт боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылды. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Россиялык мушкер казакстандык атаандашы Сергей Морозовду муунтуу ыкмасы менен утуп кетти. Беттеш 2-раундда соңуна чыкты.
Ал беттеш аяктаган соң агасы Хабиб дагы алгачкы жеңишин дал ушундай ыкма менен багындырганын эске салды.
"Мен бактылуумун. Тогуз жыл мурда бул рингге Хабиб кирип, дал мендей болуп утуп чыккан. Анын ыкмасын кайталаганыма кубанычтамын”, — деди ал.
Таймашка секундант катары катышкан Хабиб Нурмагомедов өзү инисиндей болуп экинчи эмес, үчүнчү гана раундда жеңгенин кошумчалады.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Италиялык "Ювентус" клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду расмий беттештерде киргизген голдорунун саны боюнча футбол тарыхында биринчи орунга чыкты. Бул тууралуу Р-Спорт жазды.
35 жаштагы спортчу кечээ Италиянын Суперкубогу үчүн "Наполи" менен оюнда гол киргизди. Беттеш 2:0 эсеби менен туриндиктердин пайдасына аяктаган.
Бул Роналдунун профессионалдык карьерасындагы клуб жана улуттук командасы үчүн киргизген 760-голу болду. Муну менен ал Австрия жана чехословакиялык футболчу Йозеф Бицандан ашып өттү. 1950-жылдары ойногон чабуулчу атаандаштарынын дарбазасына 759 ирет топ киргизген.