The Daily Mail бул окуя Сардиния аралында 10-январда болгондугун жазды.
Видео аялдын чочко жашынып турган карагай-черди көздөй мылтыгын мээлеп турган жеринен башталат. Бир аздан соң эки жолу ок чыгарып, ага тийгизе албай койгон аялды көздөй чуркаган каманды көрүүгө болот.
Шашып калып, ата албай калган аял жакындап келген жырткычтан мылтыгы менен коргонууга аракет кылып, кыйкырып, чаңырып жатканына күбө болобуз.
Чаңырган аялдын ачуу үнүнөнбү же мылтыктын сүрүбү, айтор, камандын бурулуп алып токойду көздөй чуркап кеткени да видеого түшүп калган.Бул окуя интернет айдыңына тарап, көптөрдүн талкуусун жараткан.
Басылма интернет колдонуучулар бийликтен пандемия учурунда аңчылык кылууга тыюу салууну талап кылганын жазды. Эгерде ууга чыккандар жаракат алып, медиктерге кайрылса, ансыз да адам көп түшүп жаткан чакта ооруканада иштегендерге ашыкча түйшүк жаратат деген жүйөсүн келтиришкен.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-февралда, Россиянын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолукту. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.
Матвиенко Жапаровдун алгачкы иш сапарынын Россияга жасалышы өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелердин жогорку деңгээлин тастыктаарын белгилеп, бул кыргыз-орус мамилелеринин бардык чөйрөсүнө жаңы дем берип, стимул болоруна бекем ишенерин билдирди.
"Эки өлкө элин жалпы тарых байланыштырып турат. Санкт-Петербургдун депутаты катары Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында миңдеген ленинграддык блокадачылар Кыргызстандын аймагына эвакуацияланганын, алардын арасында балдар да келип, Ысык-Көлдүн жээгинде "жаңы коломтого" баш калкалаганын эске салгым келет. Жаш муундар эки өлкөнүн жалпы тарыхын унутпашы керек", — деди Матвиенко.Өз кезегинде Жапаров Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы жетишилген жогорку деңгээлдеги парламенттер аралык байланыштарды канааттануу менен белгиледи.
Ошону менен бирге мамлекет башчы бүгүнкү сүйлөшүүлөр жана жетишилген келишимдер эки тараптуу кызматташуунун пайдубалын бекемдөөгө жана кыргыз-орус мамилелери менен стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүнө ишеним артты.
Володин бүгүнкү жолугушуу эки өлкөнүн мамилелеринин жаңы барактарын ачууга өбөлгө болоруна ишеним артты.
"Сиздин келишиңиз жана бүгүнкү жолугушуу өнүгүүнүн жаңы бийиктиктерине чыгууга, анын ичинде парламенттер аралык мамилелерди арттырат деген ниеттемин. Биз парламенттик кызматташуунун алкагындагы маселелерди талкуулап, сүйлөшөбүз", — деди Мамдума спикери.
Ошондой эле ал Садыр Жапаровду президент болуп шайланышы менен куттуктады.
"Биздин байкоочулар шайлоодо атаандаштык, ачыктык жана легитимдүүлүк жогорку деңгээлде болду деген пикирге келишти. Кыргызстандагы шайлоо АКШга караганда ачык өттү. Кошмо Штаттары ар дайым алардан үйрөнүү керектигин айтып келген, эми өздөрү сиздерден үйрөнүшү керек. АКШга караганда Кыргызстандагы шайлоого ишенсе болот", — деди Володин.
Ал эми Жапаров жаңы чакырыктар менен коркунучтарга, анын ичинде вирус коркунучуна, ошондой эле эл аралык терроризм менен экстремизмге каршы күрөшүүдө жана коопсуздукту камсыз кылууда эки өлкөнүн парламенттеринин күч-аракетин бириктирүү маанилүү экенин белгиледи.
Садыр Жапаров Бишкектен Москвага 24-февралда учуп кеткен. Делегация дээрлик чоң эле болду. Курамына президенттин аппаратынын жетекчиси, эки вице-премьер, жети министр, эки ведомствонун жетекчилери жана Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу дагы кирди.
Жапаров Россияга учуп кетер алдында Кыргызстан менен Россиянын өз ара мамилелери жана байланыштары жөнүндө "Союздук байланыштар" аттуу макаласын жарыялады. Анда мамлекет башчы тарыхта кыргыз-орус элинин алысташына өбөлгө түзгөн көйгөй жаралбагандыгын белгилеген.
Кийин Россиянын ири маалымат агенттиктеринин бири болгон РИА Новостиге орус-кыргыз мамилесинин абалын, кызматташууда биринчи басым эмнеге жасала тургандыгын айтып берген.
Пандемияга байланыштуу сапар расмий эмес, жумушчу болду. Мындан улам Москванын аэропортунда оркестр жана башка шаан-шөкөт уюштурулган жок.
Кремлден белгилешкендей, жумушчу сапардын программасы мазмундуу болду. Садыр Жапаров Москвага учуп келери менен Россиянын президенти, андан соң Татарстандын башчысы менен жолукту. Кийинки күнгө Россия парламентинин эки палатасынын төрагалары жана өкмөт башчысы менен жолугушуу пландалган.
Бул иш сапар Кыргызстандын жетекчилиги үчүн башкы өнөктөштүн ишенимине кирип, жакшы байланыш түзүүгө жол ачты. Ал эми Россияга алдыда ким менен иштешерин билүүгө мүмкүнчүлүк жаралды.
Россиянын лидери эки мамлекет достук гана эмес, союздук мамиле түзө алганын белгиледи. Ал ошондой эле Россия Кыргызстандагы ички саясий кырдаалын жөнгө саларына үмүт артарын айтты.
Пандемия боюнча дагы маселе козголду. Путин Россия Кыргызстанга буга чейин жардам берип келгенин, мындан ары дагы колдоо көрсөтүү үчүн болгон аракетин жасай турганын билдирди. РФ президенти КР өкмөтүнүн вирусту ооздуктоого күчү жетип жатканын канааттануу менен белгиледи. Путин эки өлкөнүн эриш-аркак жылына пандемия жолтоо болгонун эске салып, абал жакшырса орду толтуруларын айтты.
РФ лидери Кыргызстандын Конституциясына киргизилгени жаткан өзгөртүүлөр боюнча дагы кеп козгоду. Ал алдыга коюлган пландар республикадагы кырдаалды турукташтырып, КРдин өнүгүүсүнө шарт түзүп, Россия менен байланышты бекемдээрине үмүт кыларын билдирди. Мындан сырткары, ал Кыргызстан орус тилинин расмий статусун Конституцияда сактаганы Россия үчүн дагы, кыргызстандыктар үчүн дагы маанилүү экенин кошумчалаган.
Ал эми Садыр Жапаров өтө кыйын болуп турган мезгилде жана пандемия учурундагы көрсөткөн колдоого өзгөчө ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле ЕАЭБ, КМШ, ЖККУ жана ШКУнун алкагында кызматташуу ниетинде экенин айтты. Ал ошондой эле коронавируска каршы россиялык вакцинанын майнаптуулугун жана коопсуздугун дүйнө коомчулугу таанып жаткандыгын белгилеп, жакынкы арада Кыргызстан дагы эмдөө кампаниясын баштайт деген үмүттө экенин кошумчалады.
Андан кийин Жапаров Татарстандын президенти Рустам Минниханов менен жолукту. Жолугушуу таанышуу мүнөздө өттү. Президенттер эки элдин ортосундагы экономикалык жана маданий байланышты күчөтүү зарылдыгын айтышты.
Кийинки күнү Жапаров Федералдык кеңештин (парламенттин жогорку палатасы) төрайымы Валентина Матвиенко менен көрүштү. Анда кыргыз-орус кызматташтыгы тууралуу пикир алышуу болду. Матвиенко Жапаровдун чет өлкөгө жасаган алгачкы эле сапарында Россияга келишин эки мамлекеттин мамилеси жогорку деңгээлде экенин айгинелегенин белгиледи. Путин сыяктуу ал дагы Кыргызстанда орус тилинин расмий макамынын сакталышынын маанилүүлүгүн айтты.
Ага чейин Кыргызстандын өлкө башчысы Россиянын Мамлекеттик Думасынын (парламенттин төмөнкү палатасы) төрагасы Вячеслав Володин менен жолуккан. Алар эки тараптуу кызматташуунун келечеги, анын ичинде Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы мамилелерди тереңдетүүдөгү парламенттер аралык кызматташуунун ролу жөнүндө пикир алмашкан. Володин ошондой эле Кыргызстанда жакында эле өткөн президенттик шайлоо тууралуу кеп салып, АКШдагы шайлоого караганда бир кыйла ачык өткөнүн айтты.
Садыр Жапаров буга чейин Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү менен Россиянын башка жетекчилери сыяктуу аны менен да алгачкы ирет көрүштү. Россия өкмөтүнүн башчысы эки тараптуу мамилелерди мазмундуу жаңы деңгээлге чыгарып, жаңы долбоорлор менен толтурууга кызыкдар экендигин айтты.
Өз кезегинде Жапаров пандемия учурунда гуманитардык, каржылык жана техникалык жардам көрсөткөн колдоосу үчүн Россия өкмөтүнө ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле эки мамлекеттин ортосундагы бардык потенциалды толук ачып берүүгө умтулаарын кошумчалады.
Жапаров Путин менен жолугушкандан кийин эле Москвада иштеп, жашап жүргөн мекендештер менен кезикти. Ал мигранттардын Кыргызстандын экономикасына кошкон салымы чоң экенин белгилеп, аларды мекенге кайтаруу үчүн шарт түзүүгө убада берди.
Президент сүйлөп жатып, үй ээлери салык төлөөдөн качып мигранттарды каттоодон баш тартышаарын, мындан улам келип чыккан миграциялык каттоонун көйгөйү жөнүндө билерин айтты. Президент маселени чечүү жолдорун да атады.
Россиядан инвестиция алып келүү иш сапардын маанилүү милдеттеринин бири экенин Жапаров Москвага жөнөй электе айткан. Жолугушууга россиялык 40ка жакын ири компаниялардын башчылары катышты. Президент ишкерлерди тигүү, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, логистикалык борборлорду куруу сыяктуу тармактарга каражат салууга чакырды.
Жыйында болгон сүйлөшүүлөр тууралуу конкреттүү маалыматтар айтылган жок. Деген менен президент жана өкмөт мүчөлөрү россиялык ишкерлердин суроолоруна жооп берди.
Эки күндүк иш сапардын соңунда кыргызстандык делегация Кремлдеги белгисиз жоокердин эстелигине гүлчамбар коюп, Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында каза болгондорду эскерип бир мүнөттүк аза күтүштү.
Иш сапардын аякташы менен Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев кесиптеши Сергей Лавров менен жолукту. Алар төрт документке кол коюшту: