Белгилүү болгондой, аталган кампада жарактуулугу 2018-жылы эле өтүп кеткен кондитердик азыктар (конфет, печенье жана ар кандай таттуулар) сакталып турган.
"Мындан сырткары, таңгактардан чыгарылган күндү оңдоо үчүн мөөрлөр жана жарактуулук мөөнөтү жок азыктар табылган", — деп айтылат маалыматта.Укук коргоочулар кампаны бекитип салышканы белгилүү болду. Бул факты боюнча тергөө башталып, аны Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Сыймык Жапыкеев өз көзөмөлүнө алган.
Финпол ишкерлерге кайрылып, сатып жаткан товардын мөөнөтү өтүп кеткен болсо же талаптагыдай сапатка жооп бербей жатса, андан пайда көрбөөгө жана элдин ден соолугуна коркунуч келтирбөөгө чакырган.
Буга чейин дагы Бишкектен балдарга деп эскирип кеткен таттуу-тарапа саткан кампа табылган.
Түндүк Македониядагы уй фермада эки баштуу жана төрт көздүү музоо туулган. Бул тууралуу Wis TV телеканалы маалымдаган.
Видеодон эки баштуу музоо бир оозу менен сүт ичкенде экинчи оозу кошо кыймылга келип жатканын көрүүгө болот.
Фермердин айтымында, жаныбарды карап чыккан ветеринар музоонун органдары азырынча кадыресе, толук кандуу иштеп жаткандыгын билдирген.
Адистер полицефалия сейрек кездешерин, мындай болуп туулган жаныбарлар көпкө жашабай тургандыгын айткан. Анткен менен фермер музоону канча жашаса ошончо жыл бакканга даяр экендигин, ага болушунча кам көрөрүн журналисттерге билдирген.Полицефалия сүт эмүүчүлөр менен адам баласында жолугат. Эгерде эки эмбрион курсакта жатканда экиге бөлүнбөй калса, алардын эки мээси калыптанып, дем алуу жана тамак сиңирүү органдары бир болуп жарыкка келет. Адатта алар тез эле көз жумат, бирок узакка жашагандары да бар.
Вакцинаны тапшыруу аземине Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко, Кыргызстандын биринчи вице-премьери Артём Новиков жана саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты.
"Бүгүн биз "Спутник V" вакцинасын алдык. Бул препараттын эффективдүүлүгү 98 пайыз болгондуктан аны бүт дүйнө тааныды. Учурда "Спутник V" вакцинасына дүйнө жүзү боюнча талап күч. Биз 20 миң доза алдык, анын 15 миңин сатып алсак, калганы гумжардам катары берилди", — деди Бейшеналиев.
Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко вакцинаны жеткирүү көлөмү дагы көбөйтүлөрүн айтты.
"Бул партияны уюштуруу үчүн убакыт керек болду. Анткен менен вакцинаны өндүрүү көбөйтүлсө дагы да жеткирилет. Кыргызстан келерки күздү толук даярдык менен тосуп алат. Республика жалпы жонунан миллион доза алууну пландап жатат. Анын жарымы гумжардам катары берилет", — деди Удовиченко.
Ал эми биринчи вице-премьер Артём Новиков вакцина сатып алуу үчүн бюджетте ресурстар каралганын, мамлекет көлөмдү көбөйтүүгө даяр экенин белгиледи.
"Россия берген жүктүн жарымы гумжардам болуп эсептелет. Бул Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы ишенимди, достукту жана стратегиялык өнөктөштүктү билдирет", — деди Новиков.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, биринчи партиянын бир дозасы 10 доллардан турду. 20 миң доза 10 миң кишиге жетет.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда 272 кишиден коронавирус табылып, 163 бейтап оорудан сакайып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Жуктургандар:
Айыккандар:
Ушуну менен коронавирус аныкталгандардын саны 93 278ге жетти. Ал эми оорудан айыккандардын саны 87 717 болду.
Тилекке каршы, кечээтен бери коронавирус Бишкектен төрт, Чүй облусунан үч кишинин өмүрүн алды. Көз жумгандардын жалпы саны 1 573кө жетти.