Дача СУга кулаган учак. 39 кишинин өмүрүн алган авиакырсыктын айтыла элек сыры

Жазылуу
Дача СУдагы авиакырсыктын көптөгөн майда-чүйдө, бирок маанилүү учурлары төрт жыл өткөндөн кийин белгилүү болду. Эл аралык авиация комитети каргашаны иликтөөнүн жыйынтыгын былтыркы жылдын май айында гана жарыялады.
Sputnik агенттиги даярдаган даректүү тасма кырсыктын себептерин иликтөө боюнча документтин негизинде даярдалды. Ал кырсык тууралуу көп жазылды, бирок табышмак бойдон калган нерселер али да арбын.
Дача СУ айылындагы учак кырсыгы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бала кучактаган эне ак жууркан алдында жатыптыр. Куткаруучу Дастан менен маек
Ошондой эле каргашада 39 адам каза болгону айтылат. Алардын 35и жергиликтүү тургундар болсо, төртөө — экипаждын мүчөсү. Анда эмне үчүн эстелик ташка 40 адамдын ысымы чегилген. Атургай кээ бирөөлөр 43 кишинин өлгөнүн айтышат. Анда аты айтылбаган төрт киши ким?
Бул суроолорго Sputnik даярдаган даректүү тасмадан жооп аласыз. Эгер даректүү тасмага убактыңыз тар болсо, анда видеоинфографиканы көрүңүз.
Жаңылыктар түрмөгү
0