Балбак Түлөбаев маршрутка көйгөйү боюнча кайрылуу жасады. Видео

Жазылуу
Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев маршруткалардын иш таштоосу боюнча кайрылуу жасап, андан соң журналисттердин суроосуна жооп берди.
Кечээ, 18-январда, айрым маршрутка айдоочулары жумушка чыкпай коюшкан. Алар жол кире акысын 5 сомго жогорулатууну талап кылып, жол акы 2012-жылдан бери көтөрүлө электигин белгилешкен. Учурда маршруткада жол жүрүү баасы күндүз 10, ал эми кечинде 12 сом.
Жаңылыктар түрмөгү
0