Финпол сулуулук салонунун атын жамынып иштеген кумар оюндары клубун аныктады. Видео

Жазылуу
Финпол Чүй облусунун Жайыл районунда "Сулуулук салону" деген атты жамынып иштеп жаткан кумар оюндары ойнолчу клубду аныктады.
Маалыматка караганда, аталган клуб Кара-Балта шаарынын Карл Маркс жана Бейшеналиев көчөлөрүнүн кесилишинде "Лаванда" деген сулуулук салон катары иштеп жаткан.
Тинтүү учурунда атайын программалар менен камсыздалган компьютердик жабдуулар, акча каражаты жана башкалар табылган. Ошондой эле ичинде кумар оюндарын ойноп жаткан кардарлар отурган.
Аталган факт боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылды. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0