Турсунбекова комиссияга пандемияда каза болгондордун жакындарынын атынан кирген. Ал баяндамасын аяктап жатып өлкөнүн медицинасы дээрлик талкаланып бүтүп, жетер чегине жеткенин белгиледи.
"COVID-19 пандемиясы биздин саламаттык сактоо тармагынын абалын көрсөтүп койду. Мен көргөндөн бир гана саламаттыкты сактоо системасы чириген эмес, башкалары да бар. Ал жерде эч нерсе кылбай, жылдап жетекчилик кызматта отургандар, бир кызматтан экинчисине секирип жүргөндөр айрым олигарх врачтарга мамлекеттик ооруканаларда жеке бизнесин жүргүзүүгө шарт түзүп берип жатат. Ошол эле учурда биздин жаш, кесипкөй кадрлар жумуш издеп чет өлкөлөргө кетүүгө аргасыз болууда", — деди Турсунбекова.
Себеби баасы 600-650 сом турган жеке коргонуучу бир костюмду мамлекет 6000 сомго сатып алган учурлар бар экенин айтат.
Пандемиянын кесепеттерин иликтеген комиссиянын курамына дарыгерлер, ыктыярчылар, журналисттер жана коронавирустун курмандыгы болгондордун жакындары кирген. Изилдөөнүн жыйынтыгы рекомендациялык мүнөзгө ээ жана ал Коопсуздук кеңешине өткөрүлүп берилет.
Долбоор экинчи-үчүнчү окуудан дагы колдоо тапса, президентке жөнөтүлөт. Ал кол койгондон кийин жалпы элдик добуш берүү дайындалат. Референдумду жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен кошо 11-апрелде өткөрүү сунушталууда.
Депутат Рыскелди Момбеков демилгечи катары документке 1-мартта кол койду делген депутаттардын арасында 28-февралда көз жумган Алмасбек Акматов, тергөө абагында отурган Кубанычбек Жумалиев дагы бар экенине таң калды.
"Долбоор 1-мартта киргизилиптир. Урматтуу төрага, айтып коюңузчу, Алмасбек Акматов кечээ эле жерге берилди го, өлүп калган кишини кантип кол койдурдуңар. Кубанычбек Жумалиев түрмөдө отурат, ал кантип кол койду? Анан демилгечи 80 депутат болушу керек, бул жерде автор катары 60 гана депутат турат", — деди Момбеков.
Андан соң төрага Талант Мамытов юридикалык жол-жобосу бар экенин айтып, бирок аларды тактаган жок.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бейшемби күнү өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир аймактарда 14 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде +9...+14 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +10...+15, Ысык-Көлдө +3...+8, ал эми Нарын аймагында -1...+4 градуска чейин жылуу болору айтылды.
Борбор калаада күн ачык болуп, күндүн табы +12...+14 градуска чейин көтөрүлсө, Ош шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, +13...+15 градус жылуу болот.