Кудум мышыктай! Май үчүн бактын чокусуна чыккан түлкүнүн видеосу

351
My-Mriya Crimea Wildlife YouTube каналында чочконун майына (сала) жетиш үчүн ийилген жука бутактардын башына чыккан куу түлкүнүн видеосу жарыяланды.

"National Geographic Россия" басылмасы жазгандай, окуя Крымда болгон. Анда фотограф, блогерлердин үй-бүлөсү короосундагы бакка чымчыктар үчүн чочконун майынан бир тилим илип коюшкан. Бирок тамакты чымчыктарга "аш" кылбай түлкү жеп кеткен. Блогерлердин айтымында, мындай учур биринчи ирет кайталанбагандыктан, алар атайын камера коюп, түлкүнүн майды алып кеткен учурун видеого түшүрүп калышкан.

Анда көрүнүп тургандай, жырткыч бутактардын ичке экенине карабай башына чейин чыккан. Биринчи аракетинде көздөгөн тамагын ала алган эмес. Бирок экинчи ирет бактын башына кайра чыгып, акыры майды алып кеткен.

351
Белгилер:
Крым, түлкү, тамак, май, видео
Тема боюнча
Аппак коён кар кишинин мурдуна коюлган сабизди жеп кетти. Элжиреткен видео

Мыкты экен! Бийлик ойлоп табуучулардын "үйүн" ачты. Видео

142
Бүгүн, 27-октябрда, Бишкекте Кыргызстандын алгачкы мамлекеттик инновациялык борборунун расмий ачылышы болду. Анда жаңы жабдыктарды ойлоп таап, идеясын ишке ашыргысы келгендер үчүн тийиштүү шарттар түзүлгөн.

Борбор Кыргызпатенттин алдында түзүлүп, ачылыш аземге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты.

"Ушуну менен токтоп калбастан инновациялык инфратүзүмдү аймактарга дагы жайылтышыбыз керек. 2024-жылга чейин Кыргызстандын бардык облустарында дал ушундай инновациялык борборлорду ачууну сунуштайм жана бул тапшырманы аткаруу Кыргызпатенттин жамаатынын колунан келерине терең ишенем", — деди төрага.

Инновациялык борбордун директорунун милдетин аткаруучу Касиет Качаганова төмөнкүлөрдү билдирди.

"Инновациялык борбор беш аянтчадан турат. Биринчиси — китепкана, экинчиси — балдар лабораториясы, үчүнчүсү — конференц-зал, төртүнчүсү — өндүрүш лабораториясы, бешинчиси — коворкинг-борбору. Башкача айтканда, биз инновациялык экосистеманын бардык блокторун камтыган аянтчабыз. Китепканадан сиздер билим, теория алсаңыздар, балдар лабораториясынан бир нерсени ойлоп табууга үйрөнөсүздөр. Коворкингден идеяларды иштеп чыгып, өндүрүш лабораториясынан өзүңүздүн продукцияңызды чыгарасыз. Ал эми конференц-залдан жыйынтыгын презентациялайсыз", — деди Качаганова.

Ал эми FabLab индустриалдык инновация бөлүмүнүн кызматкери Айдар Алымбековдун айтымында, борбордо ойлоп табуучулардын ойлоп тапкан нерсесинин алгачкы үлгүсүн жасоого жардам берилет.

"Бизде санариптик программа менен башкарылган фрезердик станок, лазердик гравер, 3D-принтерлер, электрондук-тигүүчү машина, 3D-сканерлер бар. Fablab бөлүмүнүн максаты — ойлоп табуучулар менен стартаперлерге ойлоп тапкан нерсесинин алгачкы үлгүсүн жасоого жардам берүү. Бул жердеги аппаратура жыгачты, металлды кескенге, жаңы жабдыктардын деталдарын жасоого ылайыкташкан. Бардыгы сизден, сиздин идеяңыздан көз каранды", — деди ал.

Бийлик бул борбор бизнес менен ойлоп табуучулардын диалогу үчүн аянтча болуп берерине ишенүүдө. Бул аянтчаны түзүүгө 35 миллион сом сарпталып, Грузия менен Түштүк Кореянын тажрыйбасы колдонулган. "Кыргызпатент" борбордун эшиги бардык каалоочулар үчүн ачык деп убадалады.

142
Белгилер:
Кыргызстан, Кыргызпатент, ойлоп табуу, Мамлекеттик инновациялык борбор
Тема боюнча
Окуучулар үчүн! Ойлоп табуучулук боюнча кыргызча окуу куралы жарык көрдү

Чоң бакалардын мушташканын көрдүңүз беле? Айыгышкан кармаштын видеосу

120
(жаңыланган 18:31 27.10.2021)
Африка мамлекеттерин биз көрүп-билгенден да чоң бакалар мекендейт. Алардын көлөмү 24,5 сантиметр, ал эми салмагы 1,4 килограммга чейин жетет.

Дал ушул жаныбарлардын аёосуз кармашынын видеосу BBC басылмасынын Youtube-каналына жарыяланды.

National Geographic басылмасы жазгандай, мындай чоң бакалар жылан, чычкан, чымчыктарга аңчылык кылышат. Күндүз алар сууда жашынып жатышат же жээкте болушат дагы аңчылыкка түндө чыгат. Чоң бакалардын үнү ачуу болот. Айрыкча көбөйүү учурунда ургаачы бакаларды тартуу үчүн үндөрүн өктөм чыгарып калышат. Ургаачы бакаларга ээлик кылуу үчүн кыйкырып койгон жетиштүү эмес. Алар атаандаштары менен кармашып, аларды жеңген соң гана ээ болушат.

120
Белгилер:
бака, кармаш, видео, жаныбарлар
Тема боюнча
Жырткычтай эмес... Балык кармап жеп, үйүрү менен жүргөн ягуарлардын видеосу
Асма керебетке чыга албай убара болгон аюулардын күлкүлүү видеосу
Колбаса азыктары. Архив

Жумасына жарым килограммдан көп жебеш керек. Эттин кооптуулугу эскертилди

22
(жаңыланган 09:57 28.10.2021)
Адис "жаман" майлар туурасында да эске салып, алар майонезде, маргаринде жана чочко майында бар экендигин айткан.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Адам ичегисинин былжыр челин жакшы абалда сакташ үчүн кооптуу деген азыктардан баш тартып койгону дурус. Бул туурасында немец дарыгери Томас Фрилингдин башка басылмаларга айткандарына таянып РИА Новости жазды.

Адис колдон келсе жебей койгондон өтөрү жок деген азыктардын башына кантты койгон. Дарыгер таттуу болгон жерде бактериялардын кайсы бир түрү жакшы көбөйө тургандыгын эскертти. Андан аркы тизмесине туздалган, ышталган тамактар жана колбаса азыктарын кошкон.

"Булар канцероген заттары бар делген тизмедеги тамактардын катарына кирет, ошон үчүн кадимки кызыл этти (балык менен тооктукунан башкасын) да жумасына 500 граммдан ашык жебеш керек", — деген Фрилинг.

Адис "жаман" майлар туурасында да эскертип, алар майонезде, маргаринде жана чочко майында бар экендигин айткан.

Фрилинг пайдалуу азыктарды да санап берген. Биринчи орунда жашылча жана буурчактар турарын, алардын курамында клетчатка сыяктуу азыктар бар экенин айткан. Андан кийинки орунга банан, балык, жемиштердин пюреси, мундир кылып жасалган картошка жана кара нан чыккан.

22
Белгилер:
ден соолук, азык, дарыгер, кеңеш, колбаса, зыяндуу, банан, пайдалуу
Тема боюнча
Диетолог суукта, локдаунда кантип салмак кошпой жүрүүнүн жолун айтып берди
Дарыгер пиязды ашыкча колдонуунун кесепетин айтты