Кыргызстандыктар Россияга кантип окууга тапшырса болот. Видео түшүндүрмө

Жазылуу
Кыргызстандык абитуриенттер Россотрудничество аркылуу ортомчусуз алынат. Электрондук арызды кантип толтуруу керектиги майда-чүйдөсүнө чейин түшүндүрүлгөн.
"Россотрудничество" агенттигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү россиялык окуу жайларга окууну каалагандар кантип арыз бере ала тургандыгын видео менен көрсөтүп берди.
Education-In-Russia системасы менен иштей турган инструкция сайтка жайгаштырылган.
Студенттер лекция учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
РФ ЖОЖдору бюджетке кабыл ала баштады. Кыргызстандыктар эмнени билиши керек
Бул сайтта документтерди кабыл алуу 2021-жылдын 20-январынан 21-февралына чейин гана болот. Кечигип жөнөтүлгөндөрү кабыл алынбайт жана каралбайт. Россиядагы жогорку окуу жайлардан билим алууну каалагандарды кабыл алуу "Россотрудничество" агенттигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү аркылуу гана жүргүзүлөт. Башка ыкмалар жана ортомчулар бул боюнча иштебейт.
Катталуу мөөнөтү чукул болгондуктан документтерди эртерээк даярдап алуу керек. Кагаздарды толтуруу боюнча пайда болгон суроолорго 2021-жылдын 26-январынан тарта саат 17:00дөн 18:00гө чейин жооп беришет. Бул аптанын шейшемби жана бейшемби күндөрү жүргүзүлөт.
Телефондон +996 (312) 30-05-12 номерлерине чалып жана электрондук дарегине жазса болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0