Чүй менен Бишкектин абактарына баңгизат ташып жүргөндөр кармалды. Видео

Жазылуу
Бишкек шаарынын Криминалдык милициясынын ыкчам кызматкерлери баңгизат ташууга шектелген кылмыштуу топту кармады.
Колго түшүрүлгөндөрдү милиция кармап келе жаткан видео Бишкек ШИББдин социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.
Укук коргоо органдарына Чүйдө баңгизат ташуу менен алектенип, аны облус менен Бишкектеги абактарга таратып жүргөн кылмыштуу топ тууралуу маалымат түшкөн.
Факт Жазык кодексинин 267-беренеси ("Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо") менен каттоого алынган.
Видео воровства денег и ценных вещей из авто в Бишкеке — подозреваемых нашли - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте унаадан акча, баалуу буюм уурдаган шектүүлөр кармалды. Видео
Кечээ саат 14:00дөр чамасында Тоголок Молдо жана Витебск көчөлөрүнүн кесилишинен Honda Odyssey унаасы токтотулган. Анын ичинде үч киши болгон. Автоунааны тинткен учурда кара сумканын ичинен 3 килограммдык жана 8 граммдык баңгизат табылган.
Тыюу салынган заттар экспертизага жиберилип, шектүүлөр убактылуу кармоо жайына киргизилгени маалымдалды.
Жаңылыктар түрмөгү
0