Секирип, чайпалып бийлеген роботтор. Шаңдуу видео

Жазылуу
"Темир бийчилердин" чеберчилик менен аткарган номери көргөн кишини кайдыгер калтырбайт. Алардын бири-бирин карап алып, ыргагынан жаңылышпай бийлеп жатканы көзгө сүйкүм көрүнөт.
Видеодон эки роботтун бийлеп, ага үчүнчү "темир бийчинин" шуулдап келип кошулуп, дагы төртүнчүсү көрк берип, беркилердин аткарган номерин жандантып жибергендигин көрүүгө болот.
Кытай: окурман талашып, кайым айтышкан роботтор. Жылмаюу чакырган видео - Sputnik Кыргызстан
Кытай: окурман талашып, кайым айтышкан роботтор. Жылмаюу чакырган видео
Анткен менен ар бир киши эле булардай чеберчилик менен бийлей албайт.
Маалыматта бул бийчилер АКШдагы робот техникаларын жасоого адистешкен инженердик компаниянын продукциялары экендиги айтылган.
Буга чейин роботтордун меймканканаларда, китепканаларда иштеген видеолору тараган.
Жаңылыктар түрмөгү
0