Парламентте өкмөттүн жаңы курамы каралып жатат. Видео

Жазылуу
Бүгүн Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы өкмөттүн жаңы курамын дайындоо үчүн жыйынга чогулду.
Кечээ бир катар депутаттар премьер-министрлик кызматка Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Марипов көрсөтүлүп жатканын айтышкан.
Социалдык тармакта министрлер кабинети жаңыланып, ал тургай кете тургандардын ордуна келе турган талапкерлер да аталып кетти.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров премьер-министрлик кызматын тапшыргандан кийин өкмөт толугу менен отставкага кеткен. Жаңы өкмөттү Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы курайт.
Жаңылыктар түрмөгү
0