Марипов Сурабалдиева, Токтогазиевдер эмнеге өкмөткө кирбегенин айтты. Видео

Жазылуу
Премьер-министрликке талапкер Улукбек Марипов журналисттердин суроосуна жооп берип жатып жаңы өкмөттүн курамы кантип тандалганын айтып берди.
Коомчулукта талкууланып жаткан вице-премьер Эльвира Сурабалдиева менен айыл чарба министри Тилек Токтогазиевдин кызматка кайра алынбаганын тажрыйба аз экени менен байланыштырды.
"Ар тараптуу сунуштар эске алынды. Ошонун негизинде 16 өкмөт мүчөсүнүн тогузу жаңыдан келип жатат. Анан мурда төрт вице-премьер болсо, азыр бирөө эле болот. Биз же реформа жасашыбыз керек, же көңүлдү карашыбыз керек. Мындай принципти ачык эле айтайын", — деди Марипов.
Ал эми транспорт, архитектура жана коммуникациялар министри кызматына сунушталган Гүлмира Абдралиеванын кесиби тигүүчү болгону менен иш жүзүндө тажрыйбасы мол экенин айтты.
Дагы бир чуу жаратып жаткан кызмат — Финполдун тагдыры азырынча белгисиз. Марипов ал өзүнчө болбой, кайсы бир органдын курамында болорун белгиледи.
Жаңылыктар түрмөгү
0