Пакистандык мушкер беттештеги нокауттан кийин көз жумду. Видео

Жазылуу
Мушкер таймаштан соң Карачи шаарындагы ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алышкан эмес.
Пакистандык бокс чебери Мухаммад Аслам Хан кайрымдуулук беттешинде нокаутка кетип каза болду. Бул тууралуу The Sun маалымат булагына таянып Р-Спорт жазды.
Мушкер беттештен соң Карачи шаарындагы ооруканага жеткирилгени менен дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алышкан эмес.
Маалыматтарга караганда, беттеш учурунда рингдин жанында медициналык кызматкер жок болгон. 27 жаштагы Алсам Хан 2007-жылдан тарта бокс менен машыга баштаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0